КАБУКИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАБУ́КИ – салттык япон театры. Музыка кош­тогон элдик бийлерден ж-а драмадан турат. 1603-ж. аялдар труппасы катары негизделген. 1629-ж. адеп-ахлак эрежелерин бузуп жатат деген шылтоо м-н жабылган. 1652-жылдан оюн­дарга өңчөй эркектер катышып‚ алар аялдар­дын ролун да аткарган. К. театры 17-к-дын ая­гы – 18-к-дын башында өзгөчө өнүккөн. 18-к­дын аягында К. өнөрүнүн борбору Киото ж-а Осака ш-ларынан Эдого (азыркы Токио) оогон. Театрда жаңы үрп-адаттарды чагылдырган оюндар‚ тарыхый драмалар коюла баштаган. 1966-ж. К. классикалык театрын сактап калуу максатында мамл. «Кокурицу гэкидзё» театры ачылган. Театрдын спектаклдери СССРде да көрсөтүлгөн: 1928-ж. Садандзи II ж-а Сётё труп­пасы, 1961-ж. Итикава Энноскэ II ж-а Утаэмон VI труппасы келишкен. Заманбап К. театрында салттуу канондук спектаклдер м-н катар экспе­рименттик соңку суперкабуки спектаклдери да коюлууда.