КАБЫЛДОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАБЫЛДОО – объективдүү дүйнөнүн сезүү орган­дарына тийгизген таасиринин натыйжасында пайда болгон нерсенин бирдиктүү образы. Маа­лыматтарды кабыл алуунун ж-а кайра түзүүнүн татаал процесси, организмге объективдүү реал­дуулукту чагылдырууну ж-а айлана-чөйрөдө багыт алууну камсыз кылат. Нерсени сезим ар­кылуу чагылдыруунун формасы катары К. өз чөйрөсүндө объектини айкындоону, объектиде­ги айрым белгилерди айырмалоону, андан ара­кет максатына адекваттуу маалыматтык маз­мунду бөлүп алууну, сезимдик сыпаттарды ка­лыптандырууну өз ичине камтыйт.