КАДАМ ӨЛЧӨГҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАДАМ ӨЛЧӨГҮЧ – канча кадам басканды өлчөгүч аспап. Чөнтөк саатка окшоп, кадамдын санын көрсөтүүчү үч жебеси ж-а аларды кайра­дан алгачкы абалына алып келүүчү топчусу бо­лот. Басып өтүүчү аралыкты (он мүнөт же жүз миң кадам) болжолдуу аныктоо үчүн көз м-н өлчөөчү съёмкада же спортсмендердин машы­гуусунда колдонулат. Баштыкка салып, адам бир жерине илип алат. Басканда кыймылдап турсун үчүн огуна жүк кыстарып коёт. Бут шил­тегенде пружинанын таасиринен жүк ары-бери чайпалып, аспаптагы дөңгөлөкчөнү, аны м-н жебени айландырат. Жебенин биринчиси – бир­дик, экинчиси – жүздүк, үчүнчүсү – миңдик ка­дамдын санын көрсөтөт.