КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАЗАКО́В Вячеслав Фё- дорович (23. 2. 1913, Киев – 19. 10. 1979, Фрунзе) – драма артисти. Кыргыз ССР эл арт. (1950). 1

931–35-ж. ГИТИСтин драма ф-тинде окуган. 1935-жылдан Москва театрларында иштеген. 1956-ж. Фрунзеге келип, Н. К. Крупская атн. Орус драма театрын (азыркы Ч. Айтматов атн. Мамл. улуттук орус драма театры) уюштурууга активдүү катышкан. 1946-ж. Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден ушул театрда үзүрлүү эмгектенген. В. И. Лениндин («Унутулгус 19-», 1952; «Үй-бүлө», 1950; «Кремль куранттары», 1957; «Мылтыкчан киши», 1970), А. С. Пушкиндин («Пушкин», 1949),

Фёдор Иоановичтин («Падыша Фёдор Иоанович», 1946), Саринжинин (К. Эшмамбетов, «Саринжи», 1939), Ромеонун, Гамлеттин (В. Шекспир, «Ромео менен Жульетта», «Гамлет», 1948, 1957) ж. б. образын түзгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (7–8-шайланышынын) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.