КАИР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАИ́Р (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Респ-нын борбору, шаар. Өз алдынча адм. бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түн.-чыгышында, Нил д-нын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода а-н ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/ и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен. К-ди 969-ж. Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», ар. Кахира) деп аталган. 973–1171-ж. Фатимид халифатынын,

Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде К. – ири соода кол өнөрчүлүктүн очогу. 1517-ж. шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-ж. мамлюктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1882-ж. англ. аскерлер Египетти басып алганда К-дин жаңы бөлүгү колониялык анклавга айланган. 1914–22-ж. Британия протектаратынын адм., 1922-жылдан Египет Королдугунун, 1953–58-ж. Египет Респ-нын, 1958–71-ж. Бириккен Араб Респ-нын, 1971-жылдан Египет Араб Респ-нын борбору. К-де Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик к-тинин туруктуу секретариатынын резиденциясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын экономикасынын негизин жеңил ө. ж. м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, хим., текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жасоо) өнүккөн. Ун-ттер, Египет иск-во академиясы, музейлер (а. и. Египет, Копт, ислам исквосу), консерватория (1959-ж. негизделген), театрлар (а. и. опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык арх-ра эстеликтери, а. и. Рим (Вавилон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-ж. чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгилинин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-к.), аль-Азхар (10-к.; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы ун-т иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-к.), цитадель (12-к.), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-к-дын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Т. Чодураев.