КАЙНАЗАРОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАЙНАЗАРОВА Зууракан (1902, Сокулук р-ну, Жыламыш кыш. –1982, ошол эле район, Белек кыш.) – а. ч. өндүрүшүнүн новатору; эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1948, 1957).

Эмгек жолун 1929-ж. Сокулук рнундагы Калинин атн. колхоздо баштаган. Көп өтпөй звено башчылыгына көтөрүлүп, беш жүзчүлөрдүн бүткүл союздук соц. мелдешине катышып, кант кызылчас ынан жогорку түшүм
жыйнап алууга жетишкен. 1947-ж. 15 га жердеги кызылчанын ар гектарынан 971,5 цден түшүм алган. 1949-ж. Калинин атн. колхоздун башкармасы болуп шайланган. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы кыйла чыңдалган. 1952- жылдан Сокулук р-нундагы «Дружба» колхозунун звено башчылыгына өткөн. Ал жетектеген звено ар гектарынан эң жогорку түшүм – 1000– 1100 цден кант кызылчасын жыйнап алган. 1937– 54-ж. СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган. 1958-жылдан ардактуу эс алууга чыккан. К-нын Кыргыз мамл. мемориал музейи (1958-ж. уюшулган) бар. 1974-ж. алдыңкы кызылчачыларга З. Кайназарова атн. сыйлык белгиленген. Бишкек ш-дагы Эркиндик проспектисинде, Белек айылында, Сокулук рнун борборунда бюсту орнотулган. Бишкектин бир көчөсүнө аты берилген.
Ад.: Чөкүшев Б. Советтик Кыргызстандын даңктуу адамдары. Ф., 1970; Элдин сыймыктуу кыздары. Ф., 1975.