КАЙНАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЙНАР – Талас обл-нун Кара-Буура р-нунда­гы кыштак. Көк-Сай айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 65 км батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1364 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, тегирмен иштейт.