КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-га таандык археол. эстелик. Лейлек аймагындагы Кожо-Ба­кырган-Сай өрөөнүнө жакын жерде жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөдөн турат. Көпчүлүгүнүн диа­метри 5–12 м. бийикт. 0,8–1,8 м. Маркумдардын сөөктөрү казанактуу жайларга (катакомбаларга) коюлган. Карапа идиштер, темир бычак, азем бу­юмдар табылган. 1958-ж. археолог Ю. А. Зад­непровский 10 дөбө-мүрзөнү казып изилдеген.