КАЙЧЫ ТУМШУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЙЧЫ ТУМШУК (Loхia) – куштардын мукур­лар тукумундагы уруусу. Дене уз. 17 смге че-

Карагай кайчы тумшугу.

йин. Астыңкы ж-а үстүңкү тумшугу кайчылашып, ка­рагай, кызыл карагай ж. б. ийне жалбырактуулардын тобурчагынан уругу чыга­рып жегенге ыңгайланган. К. т.-тун 3 түрү Европа, Аф­рика, Азия, Американын ийне жалбырактуу токой­лорунда таралган. Кырг-нда 1 түрү жашайт. Карагайларга жылуу уя салып, ургаачысы 3–5 жумурткасын басып чыгарат. Эркеги жем та­шып, аларды багат.