КАЙЫҢДЫ 4: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЙЫҢДЫ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору.
Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңг. 1300 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бе­кети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарап­та. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1446 (2007); негизинен картөшкө өстүрүшөт ж-а мал багышат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, КР УИА-нын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Дания­ров туулган ж-а залкар комузчу Муратаалы жа­шаган.