КАЙЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЙЫШ – жүнү жыдытылып, ашатылып ийлен­ген тери. Бодонун, кайберендин терисин челдеп, жүнүн алып, малмага салып, тез-тез которушту­рат. Ашаткыга кирген соң (5–7 күндөн кийин), терини таза жууп, тоборсутуп, аз нымы м-н тал­кууга салып, ийи жеткенче ийлейт. Жашоо­тиричиликке байланыштуу көчмөнчүлүк тур­мушта ат жабдыктарын жасоо үчүн К. көп кол­донулган. К-тан жүгөн, куюшкан, басмайыл, нокто, көмөлдүрүк, үзөңгү боо, чылбыр, тизгин, канжыга, куткун, чаполоң, бүлдүргө, о. эле кур, кын ж. б. буюмдар жасалган. Учурда К. ж-а ан­дан жасалган буюмдар атайын ишканаларда даярдалат.