КАКТУСТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАКТУСТАР (Cactaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп жылдык чөп, бадал, кээде дарак, бийикт. 2–5 смден 10–12 мге жетет. Сабагы калың, ширелүү, түрдүү формада (тоголок, жалпак, цилиндр ж. б.), тикенектүү, ал жалбырак милдетин аткарат. Гүлү жалгыздан, кээде чокусунда топ гүлгө чогулган, көбүнчө чоң, ачык түстө. Гүл коргону – чөйчөкчө. Аталыгы көп, мөмөсү – жемиш сымал. Көпчүлүк К. кечинде же түнкүсүн гүлдөйт. Курт-кумурскалар, куштар, чанда жарганаттар чаңдаштырат. К-дын тамыры ондогон мге жетип, жердин тереңинен ным алат. 160тай уруусу, 3000дей түрү Амери-

канын саванна, тропик ж-а субтропигинде, көбүнчө тоо, чөлдөрүндө, Мексикада, эпифит К. Борб. ж-а Түш. Американын жаанчыл тропик токойлорунда таралган, рипсалис деген түрү тропик Африкада кезигет. Кээ бир түрү Австралия, Индия, Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказда өстүрүлөт. Айрым К-дын мөмөсү, жаш бутагы, уругу тамак-аш ж-а дары-дармек даярдоо үчүн пайдаланылат. Кырг-нда айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.