КАЛАМБУР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАЛАМБУ́Р (фр. calembour – сөз оюну) – азилтамаша сөздөр ж-а окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айт ылышы ж-а жазыл ышы б -ча би рдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык окшоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус ад-тында К-лук уйкаштар А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Д. Минаев, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларында кездешет. К. өнөрү түрк элдеринин (мис., өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, о. эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мис., «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). К. көркөм текстте куудулдануу, тууроо ж. б. максаттарда да пайдаланылат.