КАЛАШНИКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЛА́ШНИКОВ Николай Семёнович [18. 12. 1913, Пишпек ш. (азыркы Бишкек) – 14. 8. 1944, Каунас ш.] – Сов. Союз. Баатыры (24. 3. 1945, өлгөндөн кийин). 1935-жылдан Сов. Армияда.

Фрунзе а. ч. техникумун бүтүп (1934), зоотехник бо­луп иштеген. Ташкенттеги В. И. Ленин атн. жөө аскер командирлер окуу жайын бүткөн (1938) соң, лейтенант деген наам м-н ошол окуу жайында ишт еген. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-ж. май айынан аткыч­тар полкунун штаб началь­ниги, 1943-ж. июлдан 19- танкалык бригаданын мотордошкон батальону­нун командири. К. Витебск, Теолочин ш-н бо­шотууга, душмандардын Орша тобун кыйратууга катышкан. Анын батальону Березина д-нан би­ринчи болуп өтүп, Минскини, Литванын шаар­кыштактарын бошотушкан. К. 1944-ж. 14-ав­густта баатырларча курман болгон. Каунаста­гы Ашменос көчөсүнүн ¹ 62-үйүндө, Ташкент аскердик окуу жайында ж-а Бишкектеги мек­теп дубалында ага эстелик такта орнотулган.