ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ</b> – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. | <b type='title'>ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ</b> – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. Жарыктын чагылышынын натыйжасында ал чагылган бет көзгө көрүнөт. Чагылган жа­рыктын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) мейкиндикте бөлүнүшү чектеги беттин тегиз эместиги η м-н түшкөн жарык толкунунун узун­дугунун λ салыштырмалуу чоңдугуна жараша болот. Эгерде η≥λ болсо, к ү з г ү д ө н ч а г ы ­л у у болот, башкача айтканда түшкөн нур жарыктын чагы­луу законуна баш ийип, бир багытка чагылган­да, түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар болот. Эгерде η≈λ болсо, беттин тегиз эместиги толкун узундугуна салыштырмалуу тең болсо же ан­дан ашып кетсе (бодурлуу бет, күңүрт бет), анда чагылган жарык д и ф ф у з и я л у у болот. Жарыктын диффузиялуу чагылуусу, тегиз эмес бетке түшкөн жарыктын ар кандай бурчтарга чачырашына алып келет. Ушундай эле чачы­роо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо ж-а жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн жарыктын чагылышы жарыктын сынуу ж-а чагылуу законуна баш иет (к. <i>Жарыктын сынышы</i>). Эгерде η≥λ болсо ж-а бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаал­дуулугу <i>дифракциялык торчонукуна</i> окшош бо­лот. Жарыктын чагылышы беттин чагылтуу жөндөмдүүлүгү, ча­гылтуу коэффициенти, башкача айтканда беттен чагылган ж-а ага түшкөн жарык агымдарынын катышы м-н мүнөздөлөт. Жарыктын чагылышы табиятта көп кездешет ж-а турмушта мааниси зор. Жарыктын чагылышы оптикалык алет­терди (приборлорду) жасоодо ж-а илимий-изилдөө иште­ринде кеңири колдонулат. | ||
чагылган жарык д и ф ф у з и я л у у болот. | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
чачырашына алып келет. Ушундай эле чачы­роо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо ж-а жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн | |||
болсо ж-а бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаал­дуулугу <i>дифракциялык торчонукуна</i> окшош бо­лот. | |||
05:20, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. Жарыктын чагылышынын натыйжасында ал чагылган бет көзгө көрүнөт. Чагылган жарыктын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) мейкиндикте бөлүнүшү чектеги беттин тегиз эместиги η м-н түшкөн жарык толкунунун узундугунун λ салыштырмалуу чоңдугуна жараша болот. Эгерде η≥λ болсо, к ү з г ү д ө н ч а г ы л у у болот, башкача айтканда түшкөн нур жарыктын чагылуу законуна баш ийип, бир багытка чагылганда, түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар болот. Эгерде η≈λ болсо, беттин тегиз эместиги толкун узундугуна салыштырмалуу тең болсо же андан ашып кетсе (бодурлуу бет, күңүрт бет), анда чагылган жарык д и ф ф у з и я л у у болот. Жарыктын диффузиялуу чагылуусу, тегиз эмес бетке түшкөн жарыктын ар кандай бурчтарга чачырашына алып келет. Ушундай эле чачыроо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо ж-а жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн жарыктын чагылышы жарыктын сынуу ж-а чагылуу законуна баш иет (к. Жарыктын сынышы). Эгерде η≥λ болсо ж-а бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаалдуулугу дифракциялык торчонукуна окшош болот. Жарыктын чагылышы беттин чагылтуу жөндөмдүүлүгү, чагылтуу коэффициенти, башкача айтканда беттен чагылган ж-а ага түшкөн жарык агымдарынын катышы м-н мүнөздөлөт. Жарыктын чагылышы табиятта көп кездешет ж-а турмушта мааниси зор. Жарыктын чагылышы оптикалык алеттерди (приборлорду) жасоодо ж-а илимий-изилдөө иштеринде кеңири колдонулат.