ЖАСАЛМА ТИЛДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАСАЛМА ТИЛДЕР</b> – табигый тилдерден айыр­маланган, ар кайсы тилдердин элементтеринен же белгилүү система | <b type='title'>ЖАСАЛМА ТИЛДЕР</b> – табигый тилдерден айыр­маланган, ар кайсы тилдердин элементтеринен же белгилүү система боюнча жаңыдан түзүлгөн ата­йын тил. Грамматикасы, сөздүк курамы шарт­туу, жасалма түрдө түзүлөт. Жасалма тилдер табигый тил­дердин кээ бир милдеттерин аткарат, башкача айтканда ата­йын максаттар үчүн, мисалы, маалымат иштерин­де (маалыматты ЭВМдин, башкача айтканда программалоо ж-а машина тилдеринин жардамы м-н иштеп чыгууда, эл аралык жасалма тилдерди түзүүдө ж. б.) пай­даланылат. Эл аралык жасалма тилдердин түзүлүшү 17– 18-кылымдарда башталган. Алардын чыгышына латын тилинин эл аралык маанисинин төмөндөшү түрт­кү берген. Бүткүл дүйнөнүн адамдарына түшү­нүктүү ж-а оңой үйрөнүлүүчү эл аралык жасалма тилдердин долбоорун түзүү аракеттери көп болгон. Адеген­де жасалма тилдердин долбоору ойдон чыгарылса, кийин­черээк тирүү тилдердин негизинде түзүлгөн. Жасалма тилдердин биринчи долбоорун (волапюк) 1880-жылы немис тилчиси И. Шлейер түзгөн. Жасалма тилдердин ке­ңири таралганы – эсперанто. Анын көп өл­көлөрдө активдүү жактоочулары, котормолору, көркөм чыгармалары бар. Жасалма тилдердин белгилүүлөрү: о к ц и д е н т а л ь (интерлингва) 1922-жылы эстон тилчиси В. Валем, н о в и а л ь 1928-жылы дания­лык О. Есперсен, и н т е р л и н г в а 1903-жылы италиялык математик Ж. Пеано тарабынан түзүлгөн. Жасалма тилдер структураларына жараша төмөнкү топ­торго бөлүнөт: 1) априордук тилдер – логикалык же эмпириялык түшүнүктөрдө түзүлгөнү (ро, сольресоль); 2) аралаш тилдер – ар түрдүү тил­дерден алынган сөздөрдө түзүлгөнү (волапюк); 3) интернационалдык лексикалардын негизинде түзүлгөн тилдер (эсперанто, идо, интерлингва). | ||
чыгууда, эл аралык | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
3) интернационалдык лексикалардын негизинде | |||
түзүлгөн тилдер (эсперанто, идо, интерлингва). [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
05:05, 7 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖАСАЛМА ТИЛДЕР – табигый тилдерден айырмаланган, ар кайсы тилдердин элементтеринен же белгилүү система боюнча жаңыдан түзүлгөн атайын тил. Грамматикасы, сөздүк курамы шарттуу, жасалма түрдө түзүлөт. Жасалма тилдер табигый тилдердин кээ бир милдеттерин аткарат, башкача айтканда атайын максаттар үчүн, мисалы, маалымат иштеринде (маалыматты ЭВМдин, башкача айтканда программалоо ж-а машина тилдеринин жардамы м-н иштеп чыгууда, эл аралык жасалма тилдерди түзүүдө ж. б.) пайдаланылат. Эл аралык жасалма тилдердин түзүлүшү 17– 18-кылымдарда башталган. Алардын чыгышына латын тилинин эл аралык маанисинин төмөндөшү түрткү берген. Бүткүл дүйнөнүн адамдарына түшүнүктүү ж-а оңой үйрөнүлүүчү эл аралык жасалма тилдердин долбоорун түзүү аракеттери көп болгон. Адегенде жасалма тилдердин долбоору ойдон чыгарылса, кийинчерээк тирүү тилдердин негизинде түзүлгөн. Жасалма тилдердин биринчи долбоорун (волапюк) 1880-жылы немис тилчиси И. Шлейер түзгөн. Жасалма тилдердин кеңири таралганы – эсперанто. Анын көп өлкөлөрдө активдүү жактоочулары, котормолору, көркөм чыгармалары бар. Жасалма тилдердин белгилүүлөрү: о к ц и д е н т а л ь (интерлингва) 1922-жылы эстон тилчиси В. Валем, н о в и а л ь 1928-жылы даниялык О. Есперсен, и н т е р л и н г в а 1903-жылы италиялык математик Ж. Пеано тарабынан түзүлгөн. Жасалма тилдер структураларына жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: 1) априордук тилдер – логикалык же эмпириялык түшүнүктөрдө түзүлгөнү (ро, сольресоль); 2) аралаш тилдер – ар түрдүү тилдерден алынган сөздөрдө түзүлгөнү (волапюк); 3) интернационалдык лексикалардын негизинде түзүлгөн тилдер (эсперанто, идо, интерлингва).