ЖАСАЛМА ТИШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАСАЛМА ТИШ , </b>т и ш п р о т е з и – түрдүү себептерден түшкөн же жулдуруп салынган тиш­тин ордун толуктоо же кыйшык тиштерди түзөтүү үчүн жасалган атайын түзүлүш. Балдар­дын тиши туура эмес жайгашканда, же кемээк, орсок тиш болгондо атайын ортопедиялык | <b type='title'>ЖАСАЛМА ТИШ , </b>т и ш п р о т е з и – түрдүү себептерден түшкөн же жулдуруп салынган тиш­тин ордун толуктоо же кыйшык тиштерди түзөтүү үчүн жасалган атайын түзүлүш. Балдар­дын тиши туура эмес жайгашканда, же кемээк, орсок тиш болгондо атайын ортопедиялык жасалма тиш колдонулат. Ал бет м-н жаактын бузулушун алдын алууга ж-а дарылоого мүмкүндүк берет. Жасалма тиш организмге зыянсыз материалдан (фар­фор, пластмасса, асыл металлдар ж. б.) ар бир кишиге жеке жасалат. Жасалма тишти өз убагында сал­дырбаса, тамак-аш жакшы чайналбай жутулуп, акыры ичеги-карындын иши бузулат. Жасалма тиш түзүлүшү боюнча таяныч тишке бекитилген турук­ | ||
дат баспас болоттон, пластмассадан, фарфордон ж-а металлды пластмасса же фарфор м-н кап­тап жасалат. Эгер маңдайкы тиштин таажысы такыр бузулуп, түбүн дарылоого мүмкүн болсо, ага бурап орнотулган штифтүү жасалма тиш койсо бо­лот. Көпүрө сымал жасалма тиш 1–4 тиш жок учурда жасалат. Анын ортосун фарфор же пластмасса­дан, же бүт эле металлдан жасап, таяныч тиш­ке бекитет. Таяныч тиш бекем болуп, жакшы дарыланышы зарыл. Кийме жасалма тиш таңдайга же бүйлөгө кийилүүчү пластинкадан ж-а ага беки­ген жасалма тиштен турат. Тиштин көбү жок болгондо ж-а таяныч болор соо тиш жок учурда кийме тиш салынат. Жасалма тиш салуудан мурда чириген тишти дарылоо, өтө бузулган тишти жулдуруу, таяныч боло турган тиштердин түбүндөгү этти жакшылап текшерүү зарыл. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
05:19, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАСАЛМА ТИШ , т и ш п р о т е з и – түрдүү себептерден түшкөн же жулдуруп салынган тиштин ордун толуктоо же кыйшык тиштерди түзөтүү үчүн жасалган атайын түзүлүш. Балдардын тиши туура эмес жайгашканда, же кемээк, орсок тиш болгондо атайын ортопедиялык жасалма тиш колдонулат. Ал бет м-н жаактын бузулушун алдын алууга ж-а дарылоого мүмкүндүк берет. Жасалма тиш организмге зыянсыз материалдан (фарфор, пластмасса, асыл металлдар ж. б.) ар бир кишиге жеке жасалат. Жасалма тишти өз убагында салдырбаса, тамак-аш жакшы чайналбай жутулуп, акыры ичеги-карындын иши бузулат. Жасалма тиш түзүлүшү боюнча таяныч тишке бекитилген турук
дат баспас болоттон, пластмассадан, фарфордон ж-а металлды пластмасса же фарфор м-н каптап жасалат. Эгер маңдайкы тиштин таажысы такыр бузулуп, түбүн дарылоого мүмкүн болсо, ага бурап орнотулган штифтүү жасалма тиш койсо болот. Көпүрө сымал жасалма тиш 1–4 тиш жок учурда жасалат. Анын ортосун фарфор же пластмассадан, же бүт эле металлдан жасап, таяныч тишке бекитет. Таяныч тиш бекем болуп, жакшы дарыланышы зарыл. Кийме жасалма тиш таңдайга же бүйлөгө кийилүүчү пластинкадан ж-а ага бекиген жасалма тиштен турат. Тиштин көбү жок болгондо ж-а таяныч болор соо тиш жок учурда кийме тиш салынат. Жасалма тиш салуудан мурда чириген тишти дарылоо, өтө бузулган тишти жулдуруу, таяныч боло турган тиштердин түбүндөгү этти жакшылап текшерүү зарыл.