ДЕДУКЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДЕДУ́КЦИЯ''' (лат. deductio – чыгаруу) – ойло­нууда логика законунун негизинде алгачкы ой­лордон жаӊы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жо­бодон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой ко­рутундусунун бир түрү. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл ж-а туура болушу мүнөздүү, башкача  айтканда эгер не­гизги ой өбөлгөлөрү чындыкка ж-а Дедукция закондо­руна туура келтирилген болсо, анда зарыл түр­дө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илим­деги теориялар Дедукция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты м-н Дедукция ''индукциядан,'' башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомалар­га таянган илимдер Дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын ай­рым тармактары ж. б.). Ал эми тажрыйбалар­дын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу м-­н өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина ж. б. кирет. Дедукция  да­лилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп са­налат.  
'''ДЕДУ́КЦИЯ''' (латынча deductio – чыгаруу) – ойло­нууда логика законунун негизинде алгачкы ой­лордон жаӊы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жо­бодон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой ко­рутундусунун бир түрү. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл жана туура болушу мүнөздүү, башкача  айтканда эгер не­гизги ой өбөлгөлөрү чындыкка жана дедукция мыйзамдарына туура келтирилген болсо, анда зарыл түр­дө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илим­деги теориялар дедукция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты менен дедукция ''индукциядан,'' башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомалар­га таянган илимдер дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын айрым тармактары жана башкалар). Ал эми тажрыйбалар­дын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу мене­н өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина жана башкалар кирет. Дедукция  да­лилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп са­налат.  
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

09:21, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ДЕДУ́КЦИЯ (латынча deductio – чыгаруу) – ойло­нууда логика законунун негизинде алгачкы ой­лордон жаӊы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жо­бодон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой ко­рутундусунун бир түрү. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл жана туура болушу мүнөздүү, башкача айтканда эгер не­гизги ой өбөлгөлөрү чындыкка жана дедукция мыйзамдарына туура келтирилген болсо, анда зарыл түр­дө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илим­деги теориялар дедукция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты менен дедукция индукциядан, башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомалар­га таянган илимдер дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын айрым тармактары жана башкалар). Ал эми тажрыйбалар­дын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу мене­н өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина жана башкалар кирет. Дедукция да­лилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп са­налат.