ДИФФУЗИОНИЗМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИФФУЗИОНИ́ЗМ''' – этнография | '''ДИФФУЗИОНИ́ЗМ''' – этнография жана археоло­гиядагы XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында калып­танган багыт; ал айрым элдердин маданиятынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. ''Эволю­циялык мектеп''), башка элдердин жер которуу­дагы маданий таасири жана алардын жетишкен­диктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда диффузионизм деп маданияттын соода, көчүү, со­гуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшү­нүшкөн. Илимий багыт катары диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү жана башка элдерге таралууну та­рыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттар­да окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына диффузионизм маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, ки­йин башка аймактарга тарайт деген идеяны кар­шы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот жана бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам маданиятты жара­туучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода жана башкалар чоң мааниге ээ болот. Диффузионизмдин кыйла ырааттуу эмгек­тенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн жана бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теория­сында бир канча агымдар жана мектептер: тары­хый-географиялык багыт (Э. Норденшельд), маданий-та­рыхый мектеп (Ф.Гребнер, В. Шмидт), антропо­географиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
11:03, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДИФФУЗИОНИ́ЗМ – этнография жана археологиядагы XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында калыптанган багыт; ал айрым элдердин маданиятынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. Эволюциялык мектеп), башка элдердин жер которуудагы маданий таасири жана алардын жетишкендиктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда диффузионизм деп маданияттын соода, көчүү, согуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшүнүшкөн. Илимий багыт катары диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү жана башка элдерге таралууну тарыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттарда окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына диффузионизм маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тарайт деген идеяны каршы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот жана бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам маданиятты жаратуучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода жана башкалар чоң мааниге ээ болот. Диффузионизмдин кыйла ырааттуу эмгектенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн жана бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теориясында бир канча агымдар жана мектептер: тарыхый-географиялык багыт (Э. Норденшельд), маданий-тарыхый мектеп (Ф.Гребнер, В. Шмидт), антропогеографиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон.