ДЮМА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ДЮМА97.png | thumb | none]] | [[File:ДЮМА97.png | thumb | none]] | ||
«Нель мунарасы» (1832) ж. б. пьесалары белгилүү. 1835-жылы «Бавариялык Иза­белла» деп аталган алгачкы романы жарык көргөн. | «Нель мунарасы» (1832) ж. б. пьесалары белгилүү. 1835-жылы «Бавариялык Иза­белла» деп аталган алгачкы романы жарык көргөн. XIX кылымдын 40-жылдары «Үч мушкетёр» (1844), «Жыйыр­ма жыл өткөн соң» (1845), «Виконт де Браже­лон» (1848–1850) романдары Париж гезиттеринде жарыяланган. Генрих Наваррский жөнүндө үчил­тик («Королева Марго», 1845; «Монсоро ханым», 1846; «Кырк беш», 1847–1848), «Граф Монте-Кри­сто» (1845–1846) романын, ошондой эле эскерүү, очерк­терди да жазган. Бир катар чыгармалары кыр­гыз тилине которулган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:22, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДЮМА́ Александр (24. 7. 1802, Франция, Вилер-Котре – 5. 12. 1870, Пюи) – француз жазуучусу. Чыгармачылыгын 1825-жылы драматургия жанрында баштаган. Адабий айдыңга француз романтикалык драмасынын алгачкы туундуларынын бири «Генрих III жана анын сарайы» аттуу пьесасы (1829) аркылуу кеңири таанылган. «Антони» (1831),

«Нель мунарасы» (1832) ж. б. пьесалары белгилүү. 1835-жылы «Бавариялык Изабелла» деп аталган алгачкы романы жарык көргөн. XIX кылымдын 40-жылдары «Үч мушкетёр» (1844), «Жыйырма жыл өткөн соң» (1845), «Виконт де Бражелон» (1848–1850) романдары Париж гезиттеринде жарыяланган. Генрих Наваррский жөнүндө үчилтик («Королева Марго», 1845; «Монсоро ханым», 1846; «Кырк беш», 1847–1848), «Граф Монте-Кристо» (1845–1846) романын, ошондой эле эскерүү, очерктерди да жазган. Бир катар чыгармалары кыргыз тилине которулган.