«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ»: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page «ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕРСОЮЗУ» to «ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ») |
(Айырма жок)
|
07:40, 8 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ – 1917-жылы Февраль төңкөрүшүнүн жеңишинен кийин Ош уездинде түзүлгөн жергиликтүү жумушчулар менен кедей-кембагалдар уюму. Негизинен ага кыргыз, өзбек жумушчулары кирген. Анын максаты жумушчу-дыйкандардын эзилип жаткан абалынан жана мусулман дининин таасиринен пайдаланып, аларды падышалык бийликтин буга чейин жүргүзгөн саясатына каршы үгүттөө болгон. Бул союздун демилгеси менен 1917-жылы 21-августта Мусулман депутаттар совети (кийин Ош мусулман жумушчулары менен чайрикер депутаттар совети болуп аталган) шайланган. Натыйжада, кийин бул союз Кыргызстанга Совет бийлигин орнотууну толук колдоп, ал бийликти чыңдоого активдүү катышкан.
Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской революции в Киргизии. Ф., 1966.