ЖУУШАҢ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУУШАҢ</b> – жүн кыркуучу кайчы сымал ку­рал. Курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу жасалган. Анын жаагынын ички жак бети жүн кыркууга ылайыкталып, курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго өтпөгүдөй кылып жумурулантылат. Сап жагынын бирөө ич жагын карай имерилип, экинчисинин көзө­нөгүнө киргизилет. Кээ бир | <b type='title'>ЖУУШАҢ</b> – жүн кыркуучу кайчы сымал ку­рал. Курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу жасалган. Анын жаагынын ички жак бети жүн кыркууга ылайыкталып, курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго өтпөгүдөй кылып жумурулантылат. Сап жагынын бирөө ич жагын карай имерилип, экинчисинин көзө­нөгүнө киргизилет. Кээ бир жуушаңдын жаакта­рынын сап жаккы четтеринин экөө тең көзөнөк болот да, ага эки элидей катуу жыгачтын эки учун киргизип коёт. Жуушаңды ачылган кайчылаш абалында сабынан оң колго кармап, жүнгө ара­лата сойлотуп, анан сол кол менен жуушаңдын уч жак­тарын ичин карай кысканда жүн кыркыла баш­тайт. Жуушаң менен жүн кырккан адам кыркмачы деп аталат. Кийин жүн кыркуу механикалаштыры­лып, технологиясы өркүндөтүлгөндүктөн, жуушаң сейрек колдонулуп калды. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
09:04, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУУШАҢ – жүн кыркуучу кайчы сымал курал. Курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу жасалган. Анын жаагынын ички жак бети жүн кыркууга ылайыкталып, курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго өтпөгүдөй кылып жумурулантылат. Сап жагынын бирөө ич жагын карай имерилип, экинчисинин көзөнөгүнө киргизилет. Кээ бир жуушаңдын жаактарынын сап жаккы четтеринин экөө тең көзөнөк болот да, ага эки элидей катуу жыгачтын эки учун киргизип коёт. Жуушаңды ачылган кайчылаш абалында сабынан оң колго кармап, жүнгө аралата сойлотуп, анан сол кол менен жуушаңдын уч жактарын ичин карай кысканда жүн кыркыла баштайт. Жуушаң менен жүн кырккан адам кыркмачы деп аталат. Кийин жүн кыркуу механикалаштырылып, технологиясы өркүндөтүлгөндүктөн, жуушаң сейрек колдонулуп калды.