ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНОК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К</b> – жыгач мате­риалдарын керектүү өлчөмгө | <b type='title'>ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К</b> – жыгач мате­риалдарын керектүү өлчөмгө жана түргө келти­рип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жы­гач такта жана башка) буюмдар менен жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме жана башка) тетиктери, даяр бу­юмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары жана башка) даярдалат. Аткарган жу­муштун түрүнө жараша – жыгачты кескич, ий­гич, жыйноочу, желимдөөчү жана жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто – жы­гач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү жана жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланы­шын бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жый­ноочу станокто айрым даяр тетиктер – мык, сай­луу мык, тээк жана башклар менен бекитилип, буюм жаса­лат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюм­дардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чи­йим түшүрүлөт (Сүрөтү 423-бетте). [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
09:13, 8 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К – жыгач материалдарын керектүү өлчөмгө жана түргө келтирип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жыгач такта жана башка) буюмдар менен жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме жана башка) тетиктери, даяр буюмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары жана башка) даярдалат. Аткарган жумуштун түрүнө жараша – жыгачты кескич, ийгич, жыйноочу, желимдөөчү жана жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто – жыгач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү жана жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланышын бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жыйноочу станокто айрым даяр тетиктер – мык, сайлуу мык, тээк жана башклар менен бекитилип, буюм жасалат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюмдардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чийим түшүрүлөт (Сүрөтү 423-бетте).