ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ</b> – | <b type='title'>ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ</b> – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмеги­нин түндүк капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. Узундугу 11,3 <i>км</i>, аян­ты 15,3 <i>км</i><sup>2</sup>. Дээрлик меридиан багытында жа­тып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жого­ру жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары м-н курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 <i>м</i>, этеги 3900 <i>м</i> бийикте жатат. Этеги би­йиктиги 15–20 <i>м</i> келген морена догосу м-н курчал­ган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак- Шыйракка оң жактан куят. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмеги­нин | |||
09:39, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. Узундугу 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары м-н курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Этеги бийиктиги 15–20 м келген морена догосу м-н курчалган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак- Шыйракка оң жактан куят.