ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ</b> – жыгач
<b type='title'>ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ</b> – жыгач
буюмдары м-н тетиктерин жасап ж-а орнотуу
буюмдары менен тетиктерин жасап жана орнотуу үчүн курулуш жумуштары. Жыгач устачылык иштери төмөн&shy;күлөрдөн турат: жыгач буюмдарын жасоо, алар&shy;дын бөлүктөрүн бири-бири менен туташтыруу, бе&shy;китүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалга&shy;лоо, жылмалоо жумуштары, ошондой эле инженердик куру&shy;луштардын жыгач конструкцияларын (көпүрө, тос&shy;мо, эстакадалар, шахта бекиткичтер, электр зым түркүктөрү), стандарттык жыгач үйлөрдү чогултуу жана башкалар. Жыгач устачылык иштеринде сызгыч, циркуль, кол араа, балта, бургу, сүргүч, тешкич жана башка аспаптар колдонулат. Ири курулуштарда, ишканаларда, заводдордо жыгач устачылык иштеринин өндүрүмдүүлүгүн жогору&shy;латып, жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү үчүн жыгачты даярдоо жана иштетүү жогорку өн&shy;дүрүмдүү механикалаштырылган түзүлүштөр&shy;дүн жардамы менен аткарылат. Көлөмү чакан иш&shy;тер электр куралдары же кол менен жүргүзүлөт. Жыгач устачылык иштеринин материалы катары устун, тактай, дөңгөч, такта жыгачтар, фанера, жыгач була&shy;луу жана жыгач таарындылуу такталар жана башкалар кол&shy;донулат.  
үчүн курулуш жумуштары. Ж. у. и. төмөн&shy;күлөрдөн турат: жыгач буюмдарын жасоо, алар&shy;дын бөлүктөрүн бири-бири м-н туташтыруу, бе&shy;китүү (аштоо), жыгачты мех. жол м-н иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалга&shy;лоо, жылмалоо жумуштары, о. эле инж. куру&shy;луштардын жыгач констр-ларын (көпүрө, тос&shy;мо, эстакадалар, шахта бекиткичтер, электр зым түркүктөрү), стандарттык жыгач үйлөрдү чогултуу ж. б. Ж. у. и-нде сызгыч, циркуль, кол араа, балта, бургу, сүргүч, тешкич ж. б. аспаптар колдонулат. Ири курулуштарда, ишканаларда, з-ддордо Ж. у. и-нин өндүрүмдүүлүгүн жогору&shy;латып, жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү
[[Файл:Ош, жоголуп бара.jpg|thumb|275x275px|Ош, жыгач эшик.]]
үчүн жыгачты даярдоо ж-а иштетүү жогорку өн&shy;дүрүмдүү механикалаштырылган түзүлүштөр&shy;дүн жардамы м-н аткарылат. Көлөмү чакан иш&shy;тер электр куралдары же кол м-н жүргүзүлөт. Ж. у. и-нин материалы катары устун, тактай, дөңгөч, такта жыгачтар, фанера, жыгач була&shy;луу ж-а жыгач таарындылуу такталар ж. б. кол&shy;донулат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 

10:06, 8 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ – жыгач буюмдары менен тетиктерин жасап жана орнотуу үчүн курулуш жумуштары. Жыгач устачылык иштери төмөн­күлөрдөн турат: жыгач буюмдарын жасоо, алар­дын бөлүктөрүн бири-бири менен туташтыруу, бе­китүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалга­лоо, жылмалоо жумуштары, ошондой эле инженердик куру­луштардын жыгач конструкцияларын (көпүрө, тос­мо, эстакадалар, шахта бекиткичтер, электр зым түркүктөрү), стандарттык жыгач үйлөрдү чогултуу жана башкалар. Жыгач устачылык иштеринде сызгыч, циркуль, кол араа, балта, бургу, сүргүч, тешкич жана башка аспаптар колдонулат. Ири курулуштарда, ишканаларда, заводдордо жыгач устачылык иштеринин өндүрүмдүүлүгүн жогору­латып, жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү үчүн жыгачты даярдоо жана иштетүү жогорку өн­дүрүмдүү механикалаштырылган түзүлүштөр­дүн жардамы менен аткарылат. Көлөмү чакан иш­тер электр куралдары же кол менен жүргүзүлөт. Жыгач устачылык иштеринин материалы катары устун, тактай, дөңгөч, такта жыгачтар, фанера, жыгач була­луу жана жыгач таарындылуу такталар жана башкалар кол­донулат.

Ош, жыгач эшик.