ВАРИОМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАРИ́ОМЕТР (лат. vario – өзгөртөм ж-а ...метр) – 1) г е о ф и з и к а д а – кандайдыр бир геофиз. чоӊдуктардын өзгөрүүсүн, мис., чыӊалуу убагында Жердин геомагниттик талаасынын өзгөрүүсүн, б. а. магниттик вариациясынын (магниттик В.), горизонттук багыттагы (гравитациялык В.) жер бетине жакын оордук күчүнүн талаасынын өзгөрүүсүн аныктоочу прибор. Кенбайлыктарды чалгындоодо пайдаланылат; 2) а в и а ц и я д а – учууда учуу бийиктигинин өзгөрүү ылдамдыгын аныктоочу прибор.