ЖЕЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕЗ</b> (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы хим. элемент. Катар н. 29, ат. м. 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: <sup>63</sup>Сu ж-а <sup>64</sup>Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10<sup>–2</sup>%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө
<b type='title'>ЖЕЗ</b> (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 29, атомдук массасы 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: <sup>63</sup>Сu ж-а <sup>64</sup>Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10<sup>–2</sup>%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Жез – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгыздыгы 8,96 <i>г/см</i><sup>3</sup>; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү би&shy;рикмелерди пайда кылат. Кадимки температурада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu<sub>2</sub>O же не&shy;гиздик карбонат тузунун (CuOH)<sub>2</sub>CO<sub>3 </sub>жука ка&shy;быкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирик&shy;мелери Cu<sub>2</sub>O (чала оксиди), CuО<sub>2 </sub>(өтө оксиди). Жез кадимки температурада галогендер, күкүрт м-н оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl<sub>2</sub>) ж-а сульфиддерди (Сu<sub>2</sub>S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку температурада да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз кислоталары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концентраттык ысык күкүрт кислотасын&shy;да эрип, жез сульфатын (CuSО<sub>4</sub>) пайда кылат.<br>Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo<sub>4 </sub>–
 
5Н<sub>2</sub>O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү жез туз&shy;дары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окисте&shy;нет же эки валенттүү жез туздарына чейин ажы&shy;райт. Эки валенттүү жез туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu <sup>+ </sup>көк түстө болот. Маа&shy;нилүү минералдары: Сu<sub>2</sub>S – жез жалтырагы; CuFe S<sub>2 </sub>– жез колчеданы; CuS – каве ли т; CuCO<sub>3</sub>·Cu(OH)<sub>2 </sub>– малахит; CuCO<sub>3</sub>·2Cu(OH)<sub>2 </sub>– лазурит ж. б. Өнөр жайында жез сульфидине кычкыл&shy;текти таасир этип, андан пайда болгон чала ок&shy;сидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu<sub>2</sub>S + 3O<sub>2 </sub>= 2Cu<sub>2</sub>O + 2SO<sub>2</sub>; 2) Сu<sub>2</sub>S + 2Cu<sub>2</sub>O == 6Cu + SO<sub>2</sub>. Таза жез жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгон&shy;дуктан, өнөр  жайында кеңири колдонулат. Ошондой эле химиялык аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга турук&shy;туу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.
 
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]
(көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Ж. – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгызд. 8,96 <i>г/см</i><sup>3</sup>; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү би&shy;рикмелерди пайда кылат. Кадимки темп-рада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu<sub>2</sub>O же не&shy;гиздик карбонат тузунун (CuOH)<sub>2</sub>CO<sub>3 </sub>жука ка&shy;быкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирик&shy;мелери Cu<sub>2</sub>O (чала оксиди), CuО<sub>2 </sub>(өтө оксиди). Ж. кадимки темп-рада галогендер, күкүрт м-н
оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl<sub>2</sub>) ж-а сульфиддерди (Сu<sub>2</sub>S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку темп-рада
да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз к-талары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концент. ысык күкүрт к-тасын&shy;да эрип, жез сульфатын (CuSО<sub>4</sub>) пайда кылат.
<br>Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo<sub>4 </sub>–
5Н<sub>2</sub>O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н
куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү Ж. туз&shy;дары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окисте&shy;нет же эки валенттүү Ж. туздарына чейин ажы&shy;райт. Эки валенттүү Ж. туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu <sup>+ </sup>көк түстө болот. Маа&shy;нилүү минералдары: Сu<sub>2</sub>S – Ж. жалтырагы;
CuFe S<sub>2 </sub>– Ж. колчеданы; CuS – каве ли т;
CuCO<sub>3</sub>·Cu(OH)<sub>2 </sub>– малахит; CuCO<sub>3</sub>·2Cu(OH)<sub>2 </sub>–
лазурит ж. б. Ө. ж-да Ж. сульфидине кычкыл&shy;текти таасир этип, андан пайда болгон чала ок&shy;сидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu<sub>2</sub>S + 3O<sub>2 </sub>= 2Cu<sub>2</sub>O + 2SO<sub>2</sub>; 2) Сu<sub>2</sub>S + 2Cu<sub>2</sub>O =
= 6Cu + SO<sub>2</sub>. Таза Ж. жылуулукту ж-а электр
тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгон&shy;дуктан, ө. ж-да кеңири колдонулат. О. эле хим. аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга турук&shy;туу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

03:49, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕЗ (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 29, атомдук массасы 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu ж-а 64Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10–2%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Жез – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгыздыгы 8,96 г/см3; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү би­рикмелерди пайда кылат. Кадимки температурада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu2O же не­гиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука ка­быкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирик­мелери Cu2O (чала оксиди), CuО2 (өтө оксиди). Жез кадимки температурада галогендер, күкүрт м-н оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl2) ж-а сульфиддерди (Сu2S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку температурада да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз кислоталары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концентраттык ысык күкүрт кислотасын­да эрип, жез сульфатын (CuSО4) пайда кылат.
Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo4 – 5Н2O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү жез туз­дары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окисте­нет же эки валенттүү жез туздарына чейин ажы­райт. Эки валенттүү жез туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu + көк түстө болот. Маа­нилүү минералдары: Сu2S – жез жалтырагы; CuFe S2 – жез колчеданы; CuS – каве ли т; CuCO3·Cu(OH)2 – малахит; CuCO3·2Cu(OH)2 – лазурит ж. б. Өнөр жайында жез сульфидине кычкыл­текти таасир этип, андан пайда болгон чала ок­сидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2; 2) Сu2S + 2Cu2O == 6Cu + SO2. Таза жез жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгон­дуктан, өнөр жайында кеңири колдонулат. Ошондой эле химиялык аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга турук­туу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.