ЗЕВС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕВС</b> , Д и й (инди-европа тилинде «ачык ас­ман») – байыркы грек мифологиясы | <b type='title'>ЗЕВС</b>, Д и й (инди-европа тилинде «ачык ас­ман») – байыркы грек мифологиясы боюнча баш­чы кудай, кудайлар менен адамдардын атасы. Кронос титан менен Рея кудайдын уулу, Посей­дон жана Плутондун иниси, Геранын күйөөсү. Бийликти тартып алат деп корккондуктан, Кронос балдарын төрөлөрү менен эле жутуп койчу. Зевс төрөлгөндө энеси Рея Кроносту алдап,Зевсти Крит аралындагы Дикта тоосуна жашырып коёт. Экинчи варианты боюнча Зевс Дикта тоосундагы үң­күрдө төрөлүп, энеси Рея куреттер менен корибант­тарга тарбиялоого берет. Алар аны Амалфея эч­кинин сүтү менен багып чоңойтушат. Зевс10 жылга жакын атасы Кронос жана башка титандар менен согу­шуп, бийликти атасынан тартып алып, өз жар­лыгын бүт ааламга орнотуп, Олимп тоосун ме­кендеген, Зевс асманда, агалары Посейдон де­ңизде, Аид тиги дүйнөдө бийлик жүргүзүшкөн. Зевстин табиятта таянган куралы чагылган, ат­рибуттары эгида, скипетр, кээде бүркүт болгон. Айрым учурларда Зевс жеңиш кудайы Никаны кармап да сүрөттөлөт. Грек мифологиясындагы Аполлон, Артемида, Арея, Афина, | ||
Афродита, Гермес, Гефест, Геба, Дионис, Ирида, Персефо­на өңдүү кудайлар, Геракл, Персей сыяктуу баа­тырлар да Зевстен тараган имиш. Зевс жөнүндөгү миф­тердин айрым эпизоддору «Иллиада» менен «Одис­сеяда», Гесиоддун «Теогониясында», Аполлодор­дун «Мифологиялык китепканасында» кездешет. Рим мифологиясында Зевске Юпитер туура келет. Биздин заманга чейинки 470–456-жылдар аралыгында Олим­пияда архитектор Либон Зевстин храмын тургуз­ган. Храм – колонналарынын бийиктиги 10, 51 <i>м</i> болгон стилобаттуу перипетр. Биздин заманга чейинки 438-жылы скульптор Фидий храмга Зевстин 12 метрлик ста­туясын тургузган. Биздин замандын 426-жылы император Фео­досий II Олимпиядагы бутпарас чиркөөлөрүн буз­дура баштап, VI кылымда алар жер титирөөдөн кый­роого учураган. 1875-жылдан Зевстин храмынын урандылары изилденүүдө.[[File:ЗЕВС20.png | thumb | Олимпиядагы Зевстин храмы. | |||
]]<br> | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:04, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕВС, Д и й (инди-европа тилинде «ачык асман») – байыркы грек мифологиясы боюнча башчы кудай, кудайлар менен адамдардын атасы. Кронос титан менен Рея кудайдын уулу, Посейдон жана Плутондун иниси, Геранын күйөөсү. Бийликти тартып алат деп корккондуктан, Кронос балдарын төрөлөрү менен эле жутуп койчу. Зевс төрөлгөндө энеси Рея Кроносту алдап,Зевсти Крит аралындагы Дикта тоосуна жашырып коёт. Экинчи варианты боюнча Зевс Дикта тоосундагы үңкүрдө төрөлүп, энеси Рея куреттер менен корибанттарга тарбиялоого берет. Алар аны Амалфея эчкинин сүтү менен багып чоңойтушат. Зевс10 жылга жакын атасы Кронос жана башка титандар менен согушуп, бийликти атасынан тартып алып, өз жарлыгын бүт ааламга орнотуп, Олимп тоосун мекендеген, Зевс асманда, агалары Посейдон деңизде, Аид тиги дүйнөдө бийлик жүргүзүшкөн. Зевстин табиятта таянган куралы чагылган, атрибуттары эгида, скипетр, кээде бүркүт болгон. Айрым учурларда Зевс жеңиш кудайы Никаны кармап да сүрөттөлөт. Грек мифологиясындагы Аполлон, Артемида, Арея, Афина,
Афродита, Гермес, Гефест, Геба, Дионис, Ирида, Персефона өңдүү кудайлар, Геракл, Персей сыяктуу баатырлар да Зевстен тараган имиш. Зевс жөнүндөгү мифтердин айрым эпизоддору «Иллиада» менен «Одиссеяда», Гесиоддун «Теогониясында», Аполлодордун «Мифологиялык китепканасында» кездешет. Рим мифологиясында Зевске Юпитер туура келет. Биздин заманга чейинки 470–456-жылдар аралыгында Олимпияда архитектор Либон Зевстин храмын тургузган. Храм – колонналарынын бийиктиги 10, 51 м болгон стилобаттуу перипетр. Биздин заманга чейинки 438-жылы скульптор Фидий храмга Зевстин 12 метрлик статуясын тургузган. Биздин замандын 426-жылы император Феодосий II Олимпиядагы бутпарас чиркөөлөрүн буздура баштап, VI кылымда алар жер титирөөдөн кыйроого учураган. 1875-жылдан Зевстин храмынын урандылары изилденүүдө.
