ИДИШ ЖУУГУЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИДИШ ЖУУГУЧ</b> – тамак-аш | <b type='title'>ИДИШ ЖУУГУЧ</b> – тамак-аш өнөр жайында, үй-ти­ричилигинде (ашканада) колдонулуп, идиштер­ди автоматтык түрдө жууй турган машина. Тор же корзинадан турган жөнөкөй идиш жуугуч 1920- жылдын аягында пайда болгон. Ага кир идиш­тер толтурулуп, андан соң ысык суунун катуу агымы чыккан раковинага чөмүлдүрүлгөн. Азыр­кы электрдик идиш жуугучтун бет маңдайында идиш салуу үчүн суу өтпөгөн эшиги жана идиш үчүн пластик капталган тор зымы болот. Электр насосу май тактарын эритүү үчүн май кетиргич каражаты бар ысык суу агымын багыттап, ан­дан соң идишти чайкап, кургатат. Бул опера­циялар электр-механикалык түзүлүштүн жардамы менен ав­томаттык түрдө ишке ашырылат. Идиш жуугуч уни­версал, атайын, үзгүлтүксүз жана мезгилдүү бо­луп бөлүнөт да, идишти суунун агымы жана щёт­ка менен жууйт. Конструкциясы камера жана ачык түрдө жасалат. Камера тибиндеги машина идиштер­ди суунун агымы аркылуу же 30–60°С атайын эритме менен, ал эми ачык типтегиси щётканы колдонуп, суу же эритме менен жууйт. | ||
[[Файл:Идиш.jpg|thumb]] | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:29, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИДИШ ЖУУГУЧ – тамак-аш өнөр жайында, үй-тиричилигинде (ашканада) колдонулуп, идиштерди автоматтык түрдө жууй турган машина. Тор же корзинадан турган жөнөкөй идиш жуугуч 1920- жылдын аягында пайда болгон. Ага кир идиштер толтурулуп, андан соң ысык суунун катуу агымы чыккан раковинага чөмүлдүрүлгөн. Азыркы электрдик идиш жуугучтун бет маңдайында идиш салуу үчүн суу өтпөгөн эшиги жана идиш үчүн пластик капталган тор зымы болот. Электр насосу май тактарын эритүү үчүн май кетиргич каражаты бар ысык суу агымын багыттап, андан соң идишти чайкап, кургатат. Бул операциялар электр-механикалык түзүлүштүн жардамы менен автоматтык түрдө ишке ашырылат. Идиш жуугуч универсал, атайын, үзгүлтүксүз жана мезгилдүү болуп бөлүнөт да, идишти суунун агымы жана щётка менен жууйт. Конструкциясы камера жана ачык түрдө жасалат. Камера тибиндеги машина идиштерди суунун агымы аркылуу же 30–60°С атайын эритме менен, ал эми ачык типтегиси щётканы колдонуп, суу же эритме менен жууйт.
