ИЙГИЧ МАШИНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЙГИЧ МАШИ́НА</b> – түрдүү формадагы (такта, профиль, түтүк) сом темирлерди басым астында | <b type='title'>ИЙГИЧ МАШИ́НА</b> – түрдүү формадагы (такта, профиль, түтүк) сом темирлерди басым астында ийүүчү машина. Негизги түрүнө горизонталдуу, вертикалдуу жана ротациялык ийгич машиналар кирет. Г о р и з о н т а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы горизонталдуу кыймылдайт) сом темир чы­быктарды ысык кезинде штамптоого арнал­ган. В е р т и к а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы вертикаль түрүндө жылат) бычак, ил­мек жана кескичтердин сом темирлерин (бир жолу ысытылат), ошондой эле, башка ири буюмдар – жүргүч винт жана балтанын сом темирлерин ысытуу (бир нече жолу) менен ийет. Бул машинада ийүү, со­зуу, кысуу, жатыктыруу жана башка операциялар удаа аткарылат. Ротациялык ийгич машина (жумушчу орга­ны курал менен чогуу айланат) айлануучу форма­дагы буюмду кысуу жана созуу үчүн арналган. Ал эки түрдө болот: алкагы кыймылсыз, ал эми шпиндели айлануучу жана шпиндели кыймыл­сыз, алкагы айлануучу. Ийүүчү валдары темир ийүүчү машина менен прокат станынын ортосун­дагы абалды ээлейт. Штамптоочу машинага караганда өндүрүмдүүлүгү 10 эсе жогору. Гори­зонталь ийгич машина өндүрүмдүү жана универсалдуу бо­луп, ар кандай татаал формадагы жана өтө так өлчөмдөгү сом темирлерди жасайт. Универсал ийгич машинанын 3 жана 4 валдуу (ротациялык), роликтүү,айланма траферстүү жана айланма үлгүлүү (рычагдуу) түрлөрү болот. 3 же 4 валдуу маши­на такта формадагы сом темирлерди – цилиндр, конус жана жаа сымал элементтерди ийүү үчүн колдонулат. Роликтүү машина профилдүү сом темирлерди – шакек жана жаа түрүндөгү тетиктерди, ал эми айланма траферстүү машина – такта формасындагы сом темирден тартып, ки­чине радиустуу иймекчелерди ийет. Үлгүсү бар (рычагдуу) ийгич машинада бурулма стол же үлгү жана бекитилген кыскыч ролик болот. Ийгич машина кеме ку­рууда, химия жана нефть өнөр жайында, машина ку­рууда колдонулат. | ||
ийүүчү машина. Негизги түрүнө горизонталдуу, вертикалдуу | |||
өлчөмдөгү сом темирлерди жасайт. Универсал | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:48, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИЙГИЧ МАШИ́НА – түрдүү формадагы (такта, профиль, түтүк) сом темирлерди басым астында ийүүчү машина. Негизги түрүнө горизонталдуу, вертикалдуу жана ротациялык ийгич машиналар кирет. Г о р и з о н т а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы горизонталдуу кыймылдайт) сом темир чыбыктарды ысык кезинде штамптоого арналган. В е р т и к а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы вертикаль түрүндө жылат) бычак, илмек жана кескичтердин сом темирлерин (бир жолу ысытылат), ошондой эле, башка ири буюмдар – жүргүч винт жана балтанын сом темирлерин ысытуу (бир нече жолу) менен ийет. Бул машинада ийүү, созуу, кысуу, жатыктыруу жана башка операциялар удаа аткарылат. Ротациялык ийгич машина (жумушчу органы курал менен чогуу айланат) айлануучу формадагы буюмду кысуу жана созуу үчүн арналган. Ал эки түрдө болот: алкагы кыймылсыз, ал эми шпиндели айлануучу жана шпиндели кыймылсыз, алкагы айлануучу. Ийүүчү валдары темир ийүүчү машина менен прокат станынын ортосундагы абалды ээлейт. Штамптоочу машинага караганда өндүрүмдүүлүгү 10 эсе жогору. Горизонталь ийгич машина өндүрүмдүү жана универсалдуу болуп, ар кандай татаал формадагы жана өтө так өлчөмдөгү сом темирлерди жасайт. Универсал ийгич машинанын 3 жана 4 валдуу (ротациялык), роликтүү,айланма траферстүү жана айланма үлгүлүү (рычагдуу) түрлөрү болот. 3 же 4 валдуу машина такта формадагы сом темирлерди – цилиндр, конус жана жаа сымал элементтерди ийүү үчүн колдонулат. Роликтүү машина профилдүү сом темирлерди – шакек жана жаа түрүндөгү тетиктерди, ал эми айланма траферстүү машина – такта формасындагы сом темирден тартып, кичине радиустуу иймекчелерди ийет. Үлгүсү бар (рычагдуу) ийгич машинада бурулма стол же үлгү жана бекитилген кыскыч ролик болот. Ийгич машина кеме курууда, химия жана нефть өнөр жайында, машина курууда колдонулат.