ИЙИК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЙИК</b> – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була­дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур­гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке­рээк жасалып, | <b type='title'>ИЙИК</b> – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була­дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур­гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке­рээк жасалып, узундугу 30–35 <i>см</i>, жоондугу 7–10 <i>мм</i> болот. Ийиктин ба­шы таштан, кор­гошундан жалпак же тегерек жаса­лат да, ортосу кө­зөлүп, саптын жоо­нурак учуна бе­кем кийгизилет. | ||
[[File:ИЙИК84.png | thumb | none]] | [[File:ИЙИК84.png | thumb | none]] | ||
Саптын жогору учу (буйласы) кө­зөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт . Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ий­ришкен. Ийрил­ген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муш­тумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыга­рылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чый­ратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чы­гырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тети­ги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында кол­донула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чый­ратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал. | |||
чий | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:54, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИЙИК – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай буладан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кургатылган табылгы же талдан бир жагы ичкерээк жасалып, узундугу 30–35 см, жоондугу 7–10 мм болот. Ийиктин башы таштан, коргошундан жалпак же тегерек жасалат да, ортосу көзөлүп, саптын жоонурак учуна бекем кийгизилет.

Саптын жогору учу (буйласы) көзөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт . Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ийришкен. Ийрилген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муштумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыгарылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чыйратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чыгырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тетиги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында колдонула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чыйратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.