ИЙЛӨӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЙЛӨӨ</b> т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан­дыруу. | <b type='title'>ИЙЛӨӨ</b> т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан­дыруу. Ийлөө ар түрдүү ийлегич заттардын жарда­мы менен ишке ашырылат. Ийлөөдө тери кылдары­нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири­бири менен жабышат. Өсүмдүктүн жардамы менен ийлөө. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын­да тери өсүмдүк кабыгынан жана тамырынан жа­салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы­ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи­нен жука терилер иштетилет. Май менен ийлөөдө ба­лык жана башка жаныбарлардын майы пайдаланы­лат. Ошондой эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. Ийлөө кыргыздарда илгертеден эле колдо­нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) жана бугунун терилери талкууга салынган. Ийлөө ыкмасы менен кайыш, көк, булгаары жана башкалар даярдалып, чанач, сабаа жана кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген. | ||
сабаа | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:37, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИЙЛӨӨ т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айландыруу. Ийлөө ар түрдүү ийлегич заттардын жардамы менен ишке ашырылат. Ийлөөдө тери кылдарынын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бирибири менен жабышат. Өсүмдүктүн жардамы менен ийлөө. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мында тери өсүмдүк кабыгынан жана тамырынан жасалган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чыланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизинен жука терилер иштетилет. Май менен ийлөөдө балык жана башка жаныбарлардын майы пайдаланылат. Ошондой эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. Ийлөө кыргыздарда илгертеден эле колдонулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) жана бугунун терилери талкууга салынган. Ийлөө ыкмасы менен кайыш, көк, булгаары жана башкалар даярдалып, чанач, сабаа жана кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.