ИЛЬИНА Лидия Александровна: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛЬИНА́</b> Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань | <b type='title'>ИЛЬИНА́</b> Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары – 1994, Биш­кек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт институтун бүткөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иш­теген. | ||
[[File:ИЛЬИНА100.png | thumb | none]] | [[File:ИЛЬИНА100.png | thumb | none]] | ||
[[File:ИЛЬИНА101.png | thumb | | [[File:ИЛЬИНА101.png | thumb | | ||
]] | ]]Ильина – китеп жана ста­ноктук графика боюнча чет өл­көлөргө чейин маалым эмгек­тердин автору. Ал чыгармачылы­гында түрдүү техниканы, ай­рыкча линогравюраны жана ксилографияны пайдалан­ган. 1950–1960-жылдары Т.Сы­дыкбековдун «Биздин за­мандын кишилери», Б. Кер­бабаевдин «Чечүүчү кадам», М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогул­дун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повест­тери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жыл­дардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир туу­ган край» аттуу ксилография сериясы Ильинаны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу жана алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыгармачылы­гында жарандык жана ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргыз­стан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» жана башка сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика | ||
М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогул­дун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, | чыгармалары Америка, Жапония, Австралия, Ан­глия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган. И-нын | ||
Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повест­тери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жыл­дардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир туу­ган край» аттуу ксилография сериясы | чыгармалары Кыргыз мамл. көркөм сүрөт музе­йинде, Мамл. орус музейинде, Третьяков га­лереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейин­де, А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт музейинде, М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда, Будапешттеги Улуттук галереяда, Ильинанын Бишкек­теги үй-музейинде коюлган. 1971-жылы Ильинага СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин (6–7-шайлоо) депутаты. Эмгек Кы­зыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. | ||
чыгармалары Америка, | |||
чыгармалары Кыргыз мамл. көркөм сүрөт музе­йинде, Мамл. орус музейинде, Третьяков га­лереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейин­де, А. С. Пушкин | |||
[[File:ИЛЬИНА102.png | thumb | Л. А. Ильина. «Өзүм». Линогравюра. 1967.]] | [[File:ИЛЬИНА102.png | thumb | Л. А. Ильина. «Өзүм». Линогравюра. 1967.]] | ||
Ад.: <i>Ганкин Э.</i> Лидия Ильина. М., 1961; <i>Попова О.</i> Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; <i>Прыткова Л.</i> Художники киргизской книги. Ф., 1972; <i>её же.</i> Лидия Ильина. Л., 1973. | Ад.: <i>Ганкин Э.</i> Лидия Ильина. М., 1961; <i>Попова О.</i> Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; <i>Прыткова Л.</i> Художники киргизской книги. Ф., 1972; <i>её же.</i> Лидия Ильина. Л., 1973. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
11:19, 10 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ИЛЬИНА́ Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары – 1994, Бишкек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт институтун бүткөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштеген.


Ильина – китеп жана станоктук графика боюнча чет өлкөлөргө чейин маалым эмгектердин автору. Ал чыгармачылыгында түрдүү техниканы, айрыкча линогравюраны жана ксилографияны пайдаланган. 1950–1960-жылдары Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», Б. Кербабаевдин «Чечүүчү кадам», М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогулдун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повесттери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жылдардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир тууган край» аттуу ксилография сериясы Ильинаны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу жана алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыгармачылыгында жарандык жана ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргызстан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» жана башка сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика
чыгармалары Америка, Жапония, Австралия, Англия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган. И-нын чыгармалары Кыргыз мамл. көркөм сүрөт музейинде, Мамл. орус музейинде, Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейинде, А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт музейинде, М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда, Будапешттеги Улуттук галереяда, Ильинанын Бишкектеги үй-музейинде коюлган. 1971-жылы Ильинага СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6–7-шайлоо) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Ганкин Э. Лидия Ильина. М., 1961; Попова О. Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; Прыткова Л. Художники киргизской книги. Ф., 1972; её же. Лидия Ильина. Л., 1973.