ЖУГУШТУУ ООРУЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУГУШТУУ ООРУЛАР</b> , и н ф е к ц и я о о р у­л а р ы (лат. infectio – жугуу) – 1) оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) пайда кылуучу, соо кишиге оорулуу­дан ж-а бактерия алып жүрүүчүдөн жугуучу оорулар; 2) | <b type='title'>ЖУГУШТУУ ООРУЛАР</b> , и н ф е к ц и я о о р у­л а р ы (лат. infectio – жугуу) – 1) оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) пайда кылуучу, соо кишиге оорулуу­дан ж-а бактерия алып жүрүүчүдөн жугуучу оорулар; 2) Жугуштуу ооорулардын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү ж-а аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ык­маларын иштеп чыгуучу медициналык илим. Ал бакте­риология, <i>вирусология, иммунология, эпидемио­логия</i> ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жугуштуу оорулар пай­да болуу үчүн оору козгогуч (микроорганизмдер), кабыл алгыч (адам, жаныбар) ж-а оорулуудан соо адамга инфекцияны таратуучу фактор бо­лушу керек. Түрдүү микроорганизмдердин оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын <i>вирулент­түүлүгүнө</i>, чыгарган уусунун (токсин) күчүнө, организмге кирген өлчөмүнө жараша болот. Кишинин жугуштуу ооруга байымдуулугу жа­шына, чымырлыгына, тамактануусуна, жашоо ­шартына ж. б. байланыштуу. Оорунун жугу­шуна, өтүшүнө организмдин инфекцияга турук­туулугу, кан жоготуу, түрдүү түйшүк, кош бой­луулук ж. б. факторлор чоң мааниге ээ. Чар­чоо, витамин ж-а белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, хим. заттардан уулануу ж. б. организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөн­дөтүп, ооруга шарт түзөт. Оору козгогуч айла­на-чөйрөдө түрдүү жолдор м-н таралат. Кээде денеге 2–3 түрлүү козгогуч жугушу мүмкүн. Жугуштуу оорулар капысынан катуу кармап, адам чыйрыгып, кал­тырайт, денеси ысып, башы катуу ооруйт. Ал­сызданып, дене бою салмактанат, көңүлү ай­нып, кусат. Оорунун башталышында аны анык­тоо кыйын. Оору күчөп кеткенде, мүнөздүү бел­гилердин баары ачык көрүнүп, оорунун анык диагнозу аныкталат. Ал эми оору айыга баш­таганда белгилери акырындап жоголуп, оору­луунун абалы жакшырат. Андан кийин оору­нун айыгуу мезгили башталат. Ал түрдүү жу­гуштуу ооруларда түрдүүчө өтөт. Кээде Жугуштуу оорулар кабылдап кетиши мүмкүн. Адам ооруп айык­кандан кийин туруктуу иммунитет пайда бо­лот. Ичеги-карын жугуштуу ооруларында (<i>ди­зентерия, ич келте, холера, ботулизм</i> ж. б.) оору козгогуч оорулуу ж-а бактерия алып жүрүү­чүлөрдөн алардын заңы, кусундусу, заарасы м-н сыртка чыгып, булганган тамак-аш, суу ар­кылуу соо адамдын ичеги-карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүн­чө чымындар таратат. Дем алуу жолдорунун жугуштуу оорларында (<i>грипп, көк жөтөл, паротит, кызыл­ча</i> ж. б.) козгогуч оорулуу же бактерия алып жүрүүчү сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейдин, какырыктын чачырандылары м-н сыртка бөлүнүп чыгып, абаны булгайт, аны м-н дем алганда жугат. Кан инфекциясында (<i>баш келте, кайталанма келте, безгек, чума</i> ж. б.), тиешелүү ташыгычтар (чиркей, бит, кене ж. б.) чакканда, козгогуч канга, лимфага өтүп, ооруну козгойт. Адамдын кан айлануу система­сы туюк болгондуктан, организмдеги козгогуч кан соргуч ташыгычтар аркылуу гана таралат, бул оорулар трансмиссиялык инфекциялар деп аталат. Жугуштуу тери ооруларында козгогуч оорулуу м-н тыгыз байланышта болгондо теридеги жаралардан, көздүн, ооздун, жыныс мүчө­лөрүнүн былжыр челинен жугат. Жугуштуу ооруларды ата­йын ооруканаларда дарылайт. | ||
өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү ж-а | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ык­маларын иштеп чыгуучу | |||
м-н сыртка чыгып, булганган тамак-аш, суу ар­кылуу соо адамдын ичеги-карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүн­чө чымындар таратат. Дем алуу жолдорунун | |||
05:25, 11 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖУГУШТУУ ООРУЛАР , и н ф е к ц и я о о р ул а р ы (лат. infectio – жугуу) – 1) оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) пайда кылуучу, соо кишиге оорулуудан ж-а бактерия алып жүрүүчүдөн жугуучу оорулар; 2) Жугуштуу ооорулардын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү ж-а аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу медициналык илим. Ал бактериология, вирусология, иммунология, эпидемиология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жугуштуу оорулар пайда болуу үчүн оору козгогуч (микроорганизмдер), кабыл алгыч (адам, жаныбар) ж-а оорулуудан соо адамга инфекцияны таратуучу фактор болушу керек. Түрдүү микроорганизмдердин оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын вируленттүүлүгүнө, чыгарган уусунун (токсин) күчүнө, организмге кирген өлчөмүнө жараша болот. Кишинин жугуштуу ооруга байымдуулугу жашына, чымырлыгына, тамактануусуна, жашоо шартына ж. б. байланыштуу. Оорунун жугушуна, өтүшүнө организмдин инфекцияга туруктуулугу, кан жоготуу, түрдүү түйшүк, кош бойлуулук ж. б. факторлор чоң мааниге ээ. Чарчоо, витамин ж-а белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, хим. заттардан уулануу ж. б. организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор м-н таралат. Кээде денеге 2–3 түрлүү козгогуч жугушу мүмкүн. Жугуштуу оорулар капысынан катуу кармап, адам чыйрыгып, калтырайт, денеси ысып, башы катуу ооруйт. Алсызданып, дене бою салмактанат, көңүлү айнып, кусат. Оорунун башталышында аны аныктоо кыйын. Оору күчөп кеткенде, мүнөздүү белгилердин баары ачык көрүнүп, оорунун анык диагнозу аныкталат. Ал эми оору айыга баштаганда белгилери акырындап жоголуп, оорулуунун абалы жакшырат. Андан кийин оорунун айыгуу мезгили башталат. Ал түрдүү жугуштуу ооруларда түрдүүчө өтөт. Кээде Жугуштуу оорулар кабылдап кетиши мүмкүн. Адам ооруп айыккандан кийин туруктуу иммунитет пайда болот. Ичеги-карын жугуштуу ооруларында (дизентерия, ич келте, холера, ботулизм ж. б.) оору козгогуч оорулуу ж-а бактерия алып жүрүүчүлөрдөн алардын заңы, кусундусу, заарасы м-н сыртка чыгып, булганган тамак-аш, суу аркылуу соо адамдын ичеги-карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүнчө чымындар таратат. Дем алуу жолдорунун жугуштуу оорларында (грипп, көк жөтөл, паротит, кызылча ж. б.) козгогуч оорулуу же бактерия алып жүрүүчү сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейдин, какырыктын чачырандылары м-н сыртка бөлүнүп чыгып, абаны булгайт, аны м-н дем алганда жугат. Кан инфекциясында (баш келте, кайталанма келте, безгек, чума ж. б.), тиешелүү ташыгычтар (чиркей, бит, кене ж. б.) чакканда, козгогуч канга, лимфага өтүп, ооруну козгойт. Адамдын кан айлануу системасы туюк болгондуктан, организмдеги козгогуч кан соргуч ташыгычтар аркылуу гана таралат, бул оорулар трансмиссиялык инфекциялар деп аталат. Жугуштуу тери ооруларында козгогуч оорулуу м-н тыгыз байланышта болгондо теридеги жаралардан, көздүн, ооздун, жыныс мүчөлөрүнүн былжыр челинен жугат. Жугуштуу ооруларды атайын ооруканаларда дарылайт.