ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ</b> Чүй | <b type='title'>ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ</b> Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 20 <i>км</i> түш.-чы­гыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк кап­талында, деңиз деңгээлинен 2300–2400 <i>м</i> бийикте жай­гашкан. 1932-жылы табылып, 1947-жылы геологиялык чал­гындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пай­далуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, ка­лыңдыгы 105 <i>м</i>ге чейин. Химиялык курамы боюнча эки түргө бөлүнөт: биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза; дубалдарды актоочу аки­таш алууга жарамдуу. Экинчиси – арасында чопо кездешкен акиташ теги; андан дубал бетин кооз­доп каптоочу такта, цемент сырьёсун алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 806 миң т. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:55, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 20 км түш.-чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2300–2400 м бийикте жайгашкан. 1932-жылы табылып, 1947-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пайдалуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, калыңдыгы 105 мге чейин. Химиялык курамы боюнча эки түргө бөлүнөт: биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза; дубалдарды актоочу акиташ алууга жарамдуу. Экинчиси – арасында чопо кездешкен акиташ теги; андан дубал бетин кооздоп каптоочу такта, цемент сырьёсун алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 806 миң т.