ИСАКОВ 3: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСАКОВ</b> Исмаил (10. 6. 1950- | <b type='title'>ИСАКОВ</b> Исмаил (10. 6. 1950-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лей­тенант (2005). Ташкент Жогорку жалпы аскер­дик командалык окуу жа­йын (1973), Марксизм-лени­низм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы ас­кер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицер­дик курсун (1989), Россия Федерациясы Ку­ралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академия­сын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн. | ||
[[File:ИСАКОВ 349.png | thumb | none]] | [[File:ИСАКОВ 349.png | thumb | none]] | ||
1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун команди­ри, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота коман­дири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальону­нун командиринин орун басары, батальон ко­мандири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штаб­дарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш­кы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалы­гынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Кор­гоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын ок­тябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши­нин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруу­чу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору. | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
07:37, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИСАКОВ Исмаил (10. 6. 1950-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2005). Ташкент Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1973), Марксизм-ленинизм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицердик курсун (1989), Россия Федерациясы Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн.

1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун командири, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота командири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальонунун командиринин орун басары, батальон командири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штабдарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору.