ЖУГУШТУУ АНЕМИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУГУШТУУ АНЕМИ́Я</b> ж ы л к ы н ы н (Anaemia infectiosa equorum) – сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, кал­тыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Жугуштуу анемиянын коз­гогучу – курамында РНК бар вирус. Вирус ай­лана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Жугуштуу анемия м-н жылкы, эшек, качыр ж-а пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу – ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мур­дунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркы­луу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу фактор­лорго мите м-н булганган чөп, жем, суу, төшөл­гө, тезек ж-а башка айлана-чөйрө объектилери кирет. | <b type='title'>ЖУГУШТУУ АНЕМИ́Я</b> ж ы л к ы н ы н (Anaemia infectiosa equorum) – сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, кал­тыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Жугуштуу анемиянын коз­гогучу – курамында РНК бар вирус. Вирус ай­лана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Жугуштуу анемия м-н жылкы, эшек, качыр ж-а пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу – ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мур­дунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркы­луу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу фактор­лорго мите м-н булганган чөп, жем, суу, төшөл­гө, тезек ж-а башка айлана-чөйрө объектилери кирет. Жугууштуу анемияа. башка ылаңдардан өзгөчөлүгү – ушул мезгилге чейин алиментардык жол м-н дарттын соо малга берилишинин тактала элек­тиги. Ылаңдуу ж-а соо малдарды бир нече ай бою бирге бакса да, ылаң соо малга жукпайт. Ошол эле мезгилде соо жылкыларга териси ар­кылуу эң эле аз өлчөмдөгү вирустун кириши (0,01 <i>мл</i> кан же кандын сары суусу) ылаңды пайда кылат. Ылаңды негизинен көгөөн тара­тат. Ал ылаңдаган малдын канын соруп, соо малга жуктурат. Көгөөндүн денесинде жугуштуу анемиянын вирусу 4 саатка дейре сакталат, бирок көбөй­бөйт. Ылаң өтө тез, курч, жетилген, улаарган ж-а тымызын формада өтөт. Жугуштуу анемпияда лимфо­циттердин саны кескин көбөйөт. Жугуштуу анемияда диагноз­ду эпизоотологиялык маалыматтардын клиникалык белгилердин, гематологиялык, патоморфологиялык ж-а серологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдаган мал дарыланбайт, союлуп эти жараксызданды­рылат. Ылаңдын алдын алуу үчүн пландуу түрдө чарбадагы жылкылардын канын текшерип ту­руу зарыл. Жугуштуу анемия чыккан чарбага чек коюлат. Бул жердеги бардык сыңар туяктуу мал клини­калык ж-а серологиялык ыкмалар (РДП) м-н ай сайын текшерилет. <i>Д. Раимбеков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
07:47, 11 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖУГУШТУУ АНЕМИ́Я ж ы л к ы н ы н (Anaemia infectiosa equorum) – сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, калтыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Жугуштуу анемиянын козгогучу – курамында РНК бар вирус. Вирус айлана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Жугуштуу анемия м-н жылкы, эшек, качыр ж-а пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу – ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мурдунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркылуу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу факторлорго мите м-н булганган чөп, жем, суу, төшөлгө, тезек ж-а башка айлана-чөйрө объектилери кирет. Жугууштуу анемияа. башка ылаңдардан өзгөчөлүгү – ушул мезгилге чейин алиментардык жол м-н дарттын соо малга берилишинин тактала электиги. Ылаңдуу ж-а соо малдарды бир нече ай бою бирге бакса да, ылаң соо малга жукпайт. Ошол эле мезгилде соо жылкыларга териси аркылуу эң эле аз өлчөмдөгү вирустун кириши (0,01 мл кан же кандын сары суусу) ылаңды пайда кылат. Ылаңды негизинен көгөөн таратат. Ал ылаңдаган малдын канын соруп, соо малга жуктурат. Көгөөндүн денесинде жугуштуу анемиянын вирусу 4 саатка дейре сакталат, бирок көбөйбөйт. Ылаң өтө тез, курч, жетилген, улаарган ж-а тымызын формада өтөт. Жугуштуу анемпияда лимфоциттердин саны кескин көбөйөт. Жугуштуу анемияда диагнозду эпизоотологиялык маалыматтардын клиникалык белгилердин, гематологиялык, патоморфологиялык ж-а серологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдаган мал дарыланбайт, союлуп эти жараксыздандырылат. Ылаңдын алдын алуу үчүн пландуу түрдө чарбадагы жылкылардын канын текшерип туруу зарыл. Жугуштуу анемия чыккан чарбага чек коюлат. Бул жердеги бардык сыңар туяктуу мал клиникалык ж-а серологиялык ыкмалар (РДП) м-н ай сайын текшерилет. Д. Раимбеков.