ИСКУССТВО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСКУ́ССТВО</b> , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ы­л ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар ар­кылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; | <b type='title'>ИСКУ́ССТВО</b> , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ы­л ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар ар­кылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызма­тынын маанилүү элементи. Искусствого сүрөт өнөрү, му­зыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура, айкел кирет. Искусство коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыя­лына таасир этет, коомдук турмушта жана со­циалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. Искусство адамзат коому менен кошо өнүгүп, анын мате­риалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезим­ди калыпка салууга көмөктөшөт, идеологиялык куралга айланат. Искусстводо турмуш көркөм формада чагыл­гандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү бол­гон илимден жана документтен айырмаланып, искусство көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эр­кин болот. Антикалык доордо искусство табиятка ка­рама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэ­тикасында» көркөм чыгармачылыктын негизинде адам­дын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. Орто кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баа­рынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички жана тышкы дүйнөнүн, факт менен ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештик­ке жетүүгө умтулушкан. XVIII–XIX кылымдардын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы тү­зүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсеп­тешкен. Алардан кийинки XIX–XX кылымдардагы реализм менен натурализмди туу туткандар, тескерисин­че, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркы­луу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыг­армачылык кызматы искусствонун ар кандай түрүндө же жан­рында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп ка­роого болот: 1) м е й к и н д и к к е жайгаштырылуучу же пластикалык искусство (живопись, айкел, графика, көркөм фотография, арх­итектура, жасалга-колдонмо өнөрү жана дизайн) өзү­нүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат; у б а к ы т (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу искусстводо образдар реалдуу мей­киндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды; у б а к ы т жана м е й к и н д и к айкалы­шып кеткен искусстводо (бий, театр, кино, эстрада, цирк жана башкалар ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. Искусствонун түрлөрү бири­биринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук жана эстетикалык функция­сы, турмушту чагылдыруу жана таасир этүү мүмкүндүгү боюнча кандайдыр бир деңгээлде айыр­маланат. Алсак, а д а б и я т т ы н аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченем­сиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. К ө р к ө м с ү р ө т искусствосунда (живопись, айкел, графика) образдар көз менен кабылдоого негизделген. М у з ы к а добушту пайдалан­гандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы – адамдын ой толгоосун музыкалык добуштар менен баяндап, зор эмо­циялык күч менен таасир эткендигинде. Искусствонун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген т е а т р, | ||
к и н о ө н ө р ү н актёрлордун жардамы менен бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими менен та­битин тарбиялоочу архитектура, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү менен архитектуранын синтезинен жарал­ган монументтик искусство, адамзаттын тарыхы менен эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү анык­тоочу э л ч ы г а р м а ч ы л ы г ы сыяктуу түрлөрү бар. Искусствонун кинодон башка түрлөрү ал­гачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө жана жанрларга тарамдалып, искусство тармагы боюнча адис­тер иштей баштаган. | |||
12 сап: | 7 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Э. Турдубекова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Турдубекова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
07:57, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИСКУ́ССТВО , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ыл ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар аркылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызматынын маанилүү элементи. Искусствого сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура, айкел кирет. Искусство коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыялына таасир этет, коомдук турмушта жана социалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. Искусство адамзат коому менен кошо өнүгүп, анын материалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезимди калыпка салууга көмөктөшөт, идеологиялык куралга айланат. Искусстводо турмуш көркөм формада чагылгандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү болгон илимден жана документтен айырмаланып, искусство көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эркин болот. Антикалык доордо искусство табиятка карама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэтикасында» көркөм чыгармачылыктын негизинде адамдын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. Орто кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баарынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички жана тышкы дүйнөнүн, факт менен ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештикке жетүүгө умтулушкан. XVIII–XIX кылымдардын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы түзүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсептешкен. Алардан кийинки XIX–XX кылымдардагы реализм менен натурализмди туу туткандар, тескерисинче, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркылуу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыгармачылык кызматы искусствонун ар кандай түрүндө же жанрында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп кароого болот: 1) м е й к и н д и к к е жайгаштырылуучу же пластикалык искусство (живопись, айкел, графика, көркөм фотография, архитектура, жасалга-колдонмо өнөрү жана дизайн) өзүнүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат; у б а к ы т (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу искусстводо образдар реалдуу мейкиндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды; у б а к ы т жана м е й к и н д и к айкалышып кеткен искусстводо (бий, театр, кино, эстрада, цирк жана башкалар ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. Искусствонун түрлөрү бирибиринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук жана эстетикалык функциясы, турмушту чагылдыруу жана таасир этүү мүмкүндүгү боюнча кандайдыр бир деңгээлде айырмаланат. Алсак, а д а б и я т т ы н аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченемсиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. К ө р к ө м с ү р ө т искусствосунда (живопись, айкел, графика) образдар көз менен кабылдоого негизделген. М у з ы к а добушту пайдалангандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы – адамдын ой толгоосун музыкалык добуштар менен баяндап, зор эмоциялык күч менен таасир эткендигинде. Искусствонун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген т е а т р,
к и н о ө н ө р ү н актёрлордун жардамы менен бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими менен табитин тарбиялоочу архитектура, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү менен архитектуранын синтезинен жаралган монументтик искусство, адамзаттын тарыхы менен эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү аныктоочу э л ч ы г а р м а ч ы л ы г ы сыяктуу түрлөрү бар. Искусствонун кинодон башка түрлөрү алгачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө жана жанрларга тарамдалып, искусство тармагы боюнча адистер иштей баштаган.
Ад.: Буров А. И. Эстетическая сущность искусства. М., 1956; Поспелов Г. Н. О природе искусства. М., 1970; Гнедич П. П. Всемирная история искусств. М., 1999; Выготский Л. С. Психология искусства. М., 2001; Габричевский А. Г. Морфология искусства. М., 2002.
Э. Турдубекова.