ЖЕНКИНСОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕ́НКИНСОН</b> Антони (16- | <b type='title'>ЖЕ́НКИНСОН</b> '''Антони''' (16-кылымда жашап өткөн) – англиялык соодагер, саякатчы. Элчилик кызмат да аткарган. 1557–58-жылдарда Иранда ж-а Борбордук Азияда болгон. Женкинсондун маалыматы боюнча, ал келерден мурун Кытай ж-а Бухара аралыгындагы көч­мөндөр м-н шаардыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуш жүрүп турган. Женкинсон Таш­кент (Таскент), Кашкар шаарларын атап, Ташкентке каршы казактар (кассак), Кашкарга каршы кыр­гыздар (киргс) согушканын белгилеген. Ошондой эле ал бул эки элдин өтө күчтүү экенин, ошондук­тан аталган шаарлар аларга баш ийгендигин эс­керген. Анын түзгөн картасында кыргыздар 16- кылымдын орто ченинде эле дээрлик өздөрүнүн азыр­кы аймактарын ээлешкени көргөзүлгөн. | ||
<i>Т. Асанов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
10:17, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕ́НКИНСОН Антони (16-кылымда жашап өткөн) – англиялык соодагер, саякатчы. Элчилик кызмат да аткарган. 1557–58-жылдарда Иранда ж-а Борбордук Азияда болгон. Женкинсондун маалыматы боюнча, ал келерден мурун Кытай ж-а Бухара аралыгындагы көчмөндөр м-н шаардыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуш жүрүп турган. Женкинсон Ташкент (Таскент), Кашкар шаарларын атап, Ташкентке каршы казактар (кассак), Кашкарга каршы кыргыздар (киргс) согушканын белгилеген. Ошондой эле ал бул эки элдин өтө күчтүү экенин, ошондуктан аталган шаарлар аларга баш ийгендигин эскерген. Анын түзгөн картасында кыргыздар 16- кылымдын орто ченинде эле дээрлик өздөрүнүн азыркы аймактарын ээлешкени көргөзүлгөн.
Т. Асанов.