КАИПОВ Балташ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАИПОВ</b> Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад | <b type='title'>КАИПОВ</b> Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Тоңду айылы – 23. 1. 1996, Бишкек) – режиссёр, актёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1974). СССР кинематографиясынын (1982), кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруусунун (1988) отличниги. 1957-жылы Моск­вадагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтун (ГИТИС) бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз драма театрына кирген. | ||
Базар-Коргон | |||
[[File:КАИПОВ103.png | thumb | none]] | [[File:КАИПОВ103.png | thumb | none]] | ||
1958-жылы жаңыдан уюшул­ган Кыргыз телекөрсөтүү­сүндө режиссёр, кийин баш­кы режиссёр (1961–1967), кинотоптун режиссёру (1967–1972), 1972-жылдан студиянын көркөм же­текчиси, башкы режиссёру, режиссёр-коюучу бо­луп эмгектенген. «Сайра комуз», «Тогуз кайрык» аттуу телефестивалдарды тарткан. «Алымкан» көркөм тасмасынын (1965-жылы тартылган, 1966-жылы Киевде өткөн телетасмалардын Бүткүл союздук фестивалынын сыйлыгын жеңип алган), «Та­лаа – кубанычым менин» (1965), «Комуз» (1968) жана башка даректүү телетасмалардын, «Манас», «Ток­тогул» (1968) музыкалык спектакль-тасмалардын, ошондой эле 60тан ашык адабий-телекөрсөтүүлөрдүн режиссёру. Каипов актёр катары Ү. Ибраимовдун «Декан» көркөм тасмасында декандын, Ж. Сооданбектин «Процесс» тасмасында соттун, М. Убукеевдин «Элет романы» тасмасында генералдык прокурор­дун, З. Эралиевдин «Шайтандын мөөрү» тасмасында райком секретарынын, өзү тарткан «Алым­кан» тасмасында манаптын ролун аткарган. | |||
( | |||
«Процесс» | |||
«Элет романы» | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:57, 14 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАИПОВ Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Тоңду айылы – 23. 1. 1996, Бишкек) – режиссёр, актёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1974). СССР кинематографиясынын (1982), кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруусунун (1988) отличниги. 1957-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтун (ГИТИС) бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз драма театрына кирген.

1958-жылы жаңыдан уюшулган Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёр, кийин башкы режиссёр (1961–1967), кинотоптун режиссёру (1967–1972), 1972-жылдан студиянын көркөм жетекчиси, башкы режиссёру, режиссёр-коюучу болуп эмгектенген. «Сайра комуз», «Тогуз кайрык» аттуу телефестивалдарды тарткан. «Алымкан» көркөм тасмасынын (1965-жылы тартылган, 1966-жылы Киевде өткөн телетасмалардын Бүткүл союздук фестивалынын сыйлыгын жеңип алган), «Талаа – кубанычым менин» (1965), «Комуз» (1968) жана башка даректүү телетасмалардын, «Манас», «Токтогул» (1968) музыкалык спектакль-тасмалардын, ошондой эле 60тан ашык адабий-телекөрсөтүүлөрдүн режиссёру. Каипов актёр катары Ү. Ибраимовдун «Декан» көркөм тасмасында декандын, Ж. Сооданбектин «Процесс» тасмасында соттун, М. Убукеевдин «Элет романы» тасмасында генералдык прокурордун, З. Эралиевдин «Шайтандын мөөрү» тасмасында райком секретарынын, өзү тарткан «Алымкан» тасмасында манаптын ролун аткарган.