КАЙРА ЖАРАЛУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЙРА ЖАРАЛУУ</b> ‚ Р е н е с с а н с (фр.
<b type='title'>КАЙРА ЖАРАЛУУ</b> ‚ Р е н е с с а н с (французча Renaissance) – Батыш жана Борбордук Европадагы маданий-идеялык өнүгүү доору (Италияда XIV–XVI кылымдарда‚ континенттин башка өлкөлөрүндө XV–XVI кылымдарда); орто кылым маданиятынан жаңы мезгилге өткөөл этап. Бул мезгил адатта антикалык илим менен искусствонун кайра жаратылышы‚ Байыркы Грекия маданиятынын тарыхый жаңы кырдаалга жараша белгилүү ченемде кайталанышы‚ жаңы сапатта өсүп-өнүгүшү катары кабылданат. Түп&shy;күлүгүндө антифеодалдык мааниси бар Ренес&shy;санс руханий дүйнөсүнүн айырмалуу белгилерин гуманисттик көз караш‚ антиклерикалык маз&shy;мун‚ антикалык маданий мураска кайрылуу сыяктуу белгилер түзөт. Кайра жаралуу алгач Италияда пайда болгон. Ал жерде XII–XIV кылымдарда Ренессанс кабарчылары катары акын Данте‚ сүрөтчү Жотто жана башкалар чыгышкан. Кайра жаралуу ишмерлеринин чыгармачылыгы адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүн&shy;чүлүктөрүнө‚ анын акыл-эсинин чексиздигине ишенүү‚ католиктик схолостиканы жана аскетиз&shy;мди тануу‚ четке кагуу сыяктуу сезимдер менен каныктырылган. Чындыктын жана сулуулуктун гармониясын алып жүрүүчүсү‚ болмуштун эң жогорку башталмасы катары кайрылуу‚ аалам&shy;дын бүтүндүгүн жана мыйзам ченемдүүлүгүн туюу‚ баамдоо өңдүү сапаттар Ренессанс искусствосуна идеялык тереңдикти‚ каармандык масштабды ыйгарып турган. Кайра жаралуу маданияты негизинен шаар маданияты формасында жаралып‚ андагы өндү&shy;рүштүн өөрчүү шартында калыптанган. Ал маданият Ренессанс заманынан мурда эле түптөлө баштаса да‚ кийинки тарыхый этаптарда гана кеңири ачылган айрым социалдык-экономикалык‚ коом&shy;дук-саясий‚ көркөм-философиялык тенденцияларды‚ тү&shy;шүнүктөрдү камтып турган. Бул мезгилде адабият менен искусстводо реализмдин алгачкы элементтери‚ белгилери көрүнө баштаган. Албетте‚ ал кезде реализм болмушту чагылтып берүүнүн түрдүү формалары менен бирге жүргөн. Мисалы‚ адабиятта Раб&shy;ленин (1494–1553) «Гаргантюра жана Пантагрюэль»‚ Cервантестин (1547–1616) «Дон Кихот» романдарында‚ Шекспирдин драмаларында ан&shy;тикалык заманга кызыгуу элдик маданиятка кай&shy;рылуу‚ анын айрым үлгүлөрүн пайдалануу менен айкалыштырылган. Архитектура жана сүрөт искусствосун&shy;да дүйнөлүк маданиятты байыта турган көркөм жаратмалар пайда болгон. Көркөм искусство дүйнө&shy;сүнүн образдуу туундулары‚ чыгармалары жал&shy;пы адамзаттык цивилизациянын өр тартышы&shy;на‚ алга адымдашына түрткү берген. Шаарлар&shy;да коомдук‚ граждандык имараттар‚ салтанаттуу маданий сарайлар‚ музей жайлары салынган. Италияда архитекторлор Брунеллески‚ Палладио‚ Альбер&shy;ти‚ Францияда Делорм‚ Лески өз курулушта&shy;рын шаңдуу‚ гармониялуу формалар‚ каражат&shy;тар менен кооздошкон. Көркөм сүрөт өнөрүндө Лео&shy;нардо да Винчи‚ Рафаэль‚ Микеланжело сыяк&shy;туу чеберлер чындыктын миң кырдуу касиетте&shy;рин толук кандуу чагылдыруу менен мейкиндикти‚ мезгилди‚ көлөмдү‚ өң-түстү түшүрүүнүн ага дейре белгисиз сырларын боёктор жана пластикалык каражаттар аркылуу беришкен.
Renaissance) – Батыш ж-а Борб. Европадагы маданий-идеялык өнүгүү доору (Италияда 14– 16-к-да‚ континенттин башка өлкөлөрүндө 15– 16-к-да); о. кылым мад-тынан жаңы мезгилге
өткөөл этап. Бул мезгил адатта антикалык илим м-н иск-вонун кайра жаратылышы‚ Байыркы Грекия мад-тынын тарыхый жаңы кырдаалга жараша белгилүү ченемде кайталанышы‚ жаңы сапатта өсүп-өнүгүшү катары кабылданат. Түп&shy;күлүгүндө антифеодалдык мааниси бар Ренес&shy;санс руханий дүйнөсүнүн айырмалуу белгилерин гуманисттик көз караш‚ антиклерикалык маз&shy;мун‚ антикалык маданий мураска кайрылуу сыяктуу белгилер түзөт. К. ж. алгач Италияда пайда болгон. Ал жерде 12–14-к-да Ренессанс кабарчылары катары акын Данте‚ сүрөтчү Жотто ж. б. чыгышкан. К. ж. ишмерлеринин чыг-лыгы адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүн&shy;чүлүктөрүнө‚ анын акыл-эсинин чексиздигине ишенүү‚ католиктик схолостиканы ж-а аскетиз&shy;мди тануу‚ четке кагуу сыяктуу сезимдер м-н каныктырылган. Чындыктын ж-а сулуулуктун гармониясын алып жүрүүчүсү‚ болмуштун эң жогорку башталмасы катары кайрылуу‚ аалам&shy;дын бүтүндүгүн ж-а мыйзам ченемдүүлүгүн туюу‚ баамдоо өңдүү сапаттар Ренессанс иск-восуна идеялык тереңдикти‚ каармандык масштабды ыйгарып турган. К. ж. мад-ты негизинен шаар мад-ты формасында жаралып‚ андагы өндү&shy;рүштүн өөрчүү шартында калыптанган. Ал мад-т Ренессанс заманынан мурда эле түптөлө баштаса да‚ кийинки тарыхый этаптарда гана кеңири ачылган айрым социалдык-экон.‚ коом&shy;дук-саясий‚ көркөм-филос. тенденцияларды‚ тү&shy;шүнүктөрдү камтып турган. Бул мезгилде ад-т м-н иск-водо реализмдин алгачкы элементтери‚ белгилери көрүнө баштаган. Албетте‚ ал кезде реализм болмушту чагылтып берүүнүн түрдүү формалары м-н бирге жүргөн. Мис.‚ ад-тта Раб&shy;ленин (1494–1553) «Гаргантюра жана Пантаг-


рюэль»‚ Cервантестин (1547–1616) «Дон Кихот» романдарында‚ Шекспирдин драмаларында ан&shy;тикалык заманга кызыгуу элдик мад-тка кай&shy;рылуу‚ анын айрым үлгүлөрүн пайдалануу м-н айкалыштырылган. Арх-ра ж-а сүрөт иск-восун&shy;да дүйнөлүк мад-тты байыта турган көркөм жаратмалар пайда болгон. Көркөм иск-во дүйнө&shy;сүнүн образдуу туундулары‚ чыгармалары жал&shy;пы адамзаттык цивилизациянын өр тартышы&shy;на‚ алга адымдашына түрткү берген. Шаарлар&shy;да коомдук‚ гражд. имараттар‚ салтанаттуу маданий сарайлар‚ музей жайлары салынган. Италияда арх. Брунеллески‚ Палладио‚ Альбер&shy;ти‚ Францияда Делорм‚ Лески өз курулушта&shy;рын шаңдуу‚ гармониялуу формалар‚ каражат&shy;тар м-н кооздошкон. Көркөм сүрөт өнөрүндө Лео&shy;нардо да Винчи‚ Рафаэль‚ Микеланжело сыяк&shy;туу чеберлер чындыктын миң кырдуу касиетте&shy;рин толук кандуу чагылдыруу м-н мейкиндикти‚ мезгилди‚ көлөмдү‚ өң-түстү түшүрүүнүн ага дейре белгисиз сырларын боёктор ж-а пластикалык
[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ112.png | thumb | none|Микеланже&shy;ло. «Христосту кошуп ыйлоо» (мрамор). Ка&shy;сиеттү ү Пётр собору. Рим, 1498–1501. ]]
Кайра жаралуу доорунда маданият менен катар философия илими жаңы про&shy;блемаларды өздөштүрүүнүн үстүндө иштеди. Ре&shy;нессанс мезгилинде маданияттын жана илимдин кээ бир тармактары өз-өз алдынча эмес‚ биримдик&shy;те жашаган. Мисалы‚ философиянын идеялары философтор эмес сүрөтчүлөр‚ акындар‚ окумуш&shy;туулар тарабынан өнүктүрүлгөн. Айрыкча грек философторунун эмгектери менен таанышуу чечүүчү роль ойногон. Платон‚ Аристотелдин мурасы гуманисттик идеялардын бекемделиши&shy;не чоң түрткү берген. Кайра жаралуу учуру натурфилосо&shy;фиянын (табият философиясы) пайда болушун‚ тамырлап өсүшүн шарттады. Натурфилософия диний көз караштардан алыс тургандыгы менен айырмаланган. Мында адам өз тагдырын өзү чеч&shy;кенге‚ өзүнүн биосоциалдык табиятын чексиз өнүктүрүүгө‚ тереңдетүүгө жөндөмдүү экендиги айрыкча айкындалат. Ал учурда адамдар ки&shy;теп бастырууну‚ компасты‚ ок-дарыны ойлоп чыгарышкан‚ эксперименттик табият таануу ишин‚ домна-металлургиялык процессти өздөш&shy;түрүүгө жетишкен.


[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ112.png | thumb | none]]
[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ113.png | thumb | Рафаэль. «Афина мектеби» (Байыркы Грекиянын фи&shy;лософтору тартылган фреска. Ватикандагы делла-Се&shy;ньятура Станцасы). Рим, 1509–1511.]]
Микеланже&shy;ло. «Христосту кошуп ыйлоо» (мрамор). Ка&shy;сиеттү ү Пётр со бору. Рим, 1498–1501.
Бул өндүрүш менен илимдин эриш-аркак өнүгүшүнө байланышкан. Ушулар&shy;дын бардыгы адам аң-сезиминин чындыкты чагылтуучу жана жаратуучу кубатын арттырган. Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү философу‚ карама-&shy;каршылыктардын биримдиги жөнүндөгү окуунун автору Николай Кузанскийдин (1401–1464) ою боюнча болмуштагы бардык нерселер универсалдуу форма катары каралган дүйнөнүн жаны деген түшүнүккө баш ийип турат. Антикалык жана орто кылымдык космология дүйнөнүн борбору бар деген түшүнүктү изилдеген. Ал түшүнүк боюнча дүйнөнүн чеги бар. Николай Кузанскийдин көз карашында Космостун борбору – бул Кудай‚ андыктан дүйнөнү чексиз‚ баш-аягы жок деп эсептөөгө болбойт. Ошону менен бирге эле болмуш&shy;ту чеги бар кубулуш катары да кароого болбойт. Бул идеялары менен Кузанский астрономиядагы дүйнө түзүлүшүнүн геоборбордук системасын төгүнгө чыгарган Коперниктин революциялык ачылышына жол салган. Жердин жана адамзаттын Ааламда&shy;гы өзгөчөлүү орду жөнүндөгү түшүнүктөрдүн туура эмес экендиги Коперниктин окуусу менен далилденген. Анткени Жерге жана Күнгө окшогон ас&shy;ман телолорунун саны эсеп жеткис экендиги илимий ырасталган. Адамдын ой-санаасынан‚ максат&shy;тарынан багыт алуу Кайра жаралуу дүйнө таанымынын айырмалуу белгилеринен болгон. Эгерде анти&shy;ка философиясынын борборунда табият – кос&shy;мос проблемасы турса‚ Кайра жаралуу заманында алдың&shy;кы планга граждандык турмуш‚ адам баласынын иш&shy;мердиги‚ жарык дүйнөдө өмүр өтөөнүн бакты&shy;сы‚ азап-тозогу сыяктуу маселелер чыккан. Бул мезгилдин философиялык ой-жүгүртүүсү антропоцент&shy;ризм багытына туура келген. Борбордук фигура мын&shy;да кудай эмес‚ адам деп таанылган: Кудай – бардык заттардын‚ кубулуштардын‚ асман-жер&shy;дин‚ материалдык жана руханий дүйнөнүн жара&shy;туучусу‚ ал эми Адам – дүйнөнүн борбору‚ өзөгү. Коом – кудай эркинин туундусу‚ жаратмасы эмес‚ адам ишмердигинин жемиши‚ натыйжа&shy;сы. Адам өз иш-аракетинде эч нерсе менен чектелбеши керек. Кайра жаралуу доору адамдын өзүн&shy;-өзү аңдап‚ баамдап билүү жөндөмүнүн жаңы деңгээлге кө&shy;төрүлүшү менен мү&shy;нөздөлөт.[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ114.png | thumb |
каражаттар аркылуу беришкен. К. ж. доорунда мад-т м-н катар философия илими жаңы про&shy;блемаларды өздөштүрүүнүн үстүндө иштеди. Ре&shy;нессанс мезгилинде мад-ттын ж-а илимдин кээ бир тармактары өз-өз алдынча эмес‚ биримдик&shy;те жашаган. Мис.‚ философиянын идеялары философтор эмес сүрөтчүлөр‚ акындар‚ окумуш&shy;туулар тарабынан өнүктүрүлгөн. Айрыкча грек философторунун эмгектери м-н таанышуу
Леонардо да Винчи. « Мадонна Бенуа » («Мадонна гүл менен»). Эрмитаж. Санкт-Петербург, 1478.]]
чечүүчү роль ойногон. Платон‚ Аристотелдин
Андык&shy;тан так ошол Кайра жаралуу заманы көп кырдуу белгиге‚ өнөргө‚ чыгармачылык кубатка ээ болгон‚ зор максаттарды алдыга койгон жана аларды жүзөгө ашыра билген ойчулдарды‚ ишкерлерди‚ инсан&shy;дарды тарыхый майданга алып чыккан. Кайра жаралуу доорунда адабият‚ искусство‚ архитектура‚ философия менен катар саясий жана социалдык ойлор‚ окуулар‚ тарбия‚ билим берүү‚ анатомия жана башкалар сыяктуу илим-билимдин толуп жаткан тармактары пай&shy;да болгон жана өнүккөн. Айрыкча табият таануу&shy;дагы жетишилген ийгиликтер географиялык улуу ачылыштардын натыйжалары катары жашоо&shy;-турмушка кирген. Х. Колумб‚ Васка да Гама‚ П.Кабрал‚ А. Веспуччи‚ Ф. Магеллан сыяктуу саякатчылардын ачылыштары замандын талап&shy;тарынын негизинде жасалган. Натыйжада гео&shy;графия‚ медицина‚ математика‚ ботаника‚ эт&shy;нография‚ зоология‚ геология жана башка илимдерде жаңы фактылардын‚ маалыматтардын топто&shy;лушуна жана өсүшүнө алып келген. Кайра жаралуу про&shy;блемасын‚ түшүнүгүн талдоого алганда көңүлдө кармай турган маанилүү бир нерсе бар. Айрым илимпоздор Кайра жаралуу түшүнүгүн кеңейтип кароону жактырышат жана аны Батыш Европа (Италия жана башкалар) менен чектөөгө каршы пикир айтышат. Мындай көз караштардын жөнү бар‚ анткени Чыгышты изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айрым Азия өлкөлөрүнүн (мисалы‚ VIII–XII кылымдарда Кытайда‚ XII–XIII кылымдарда Закавказьеде) маданиятында ренессанс&shy;тык белгилердин бар экендиги ырасталат. Мын&shy;дай фактылардан алганда Кайра жаралуу доору бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш экендиги талашсыз. Ошентип‚ Европа өлкөлөрүндө (Италия жана башкалар) адеп кадам шилтеген Кайра жаралуу заманы буржуазия&shy;нын өнүгө баштаган мезгилине туура келип‚ гу&shy;манизм‚ адам эркиндиги сыяктуу түшүнүктөрдү камтыды. Ренессанс кубулушу Байыркы Греция маданиятын жөн гана кайталабастан‚ анын өзгөчө&shy;лүктөрүн‚ элементтерин диалектикалык жаңы бийиктикте‚ жаңы масштабдарда‚ жаңы табыл&shy;галар менен куралданган абалда өнүктүрдү.
мурасы гуманисттик идеялардын бекемделиши&shy;не чоң түрткү берген. К. ж. учуру натурфилосо&shy;фиянын (табият философиясы) пайда болушун‚ тамырлап өсүшүн шарттады. Натурфилософия диний көз караштардан алыс тургандыгы м-н айырмаланган. Мында адам өз тагдырын өзү чеч&shy;кенге‚ өзүнүн биосоциалдык табиятын чексиз
өнүктүрүүгө‚ тереңдетүүгө жөндөмдүү экендиги айрыкча айкындалат. Ал учурда адамдар ки&shy;теп бастырууну‚ компасты‚ ок-дарыны ойлоп
чыгарышкан‚ эксперименттик табият таануу


[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ113.png | thumb | Рафаэль. «Афина мектеби» (Байыркы Грекиянын фи&shy;лософтору тартылган фреска. Ватикандагы делла-Се&shy;ньятура Станцасы). Рим, 1509–11.]]
ишин‚ домна-металлургиялык процессти өздөш&shy;түрүүгө жетишкен. Бул өндүрүш м-н илимдин эриш-аркак өнүгүшүнө байланышкан. Ушулар&shy;дын бардыгы адам аң-сезиминин чындыкты
чагылтуучу ж-а жаратуучу кубатын арттырган. К. ж. доорунун көрүнүктүү философу‚ карама&shy;каршылыктардын биримдиги ж-дөгү окуунун автору Николай Кузанскийдин (1401–64) ою б-ча болмуштагы бардык нерселер универсалдуу форма катары каралган дүйнөнүн жаны деген түшүнүккө баш ийип турат. Антикалык ж-а о. кылымдык космология дүйнөнүн борбору бар деген түшүнүктү изилдеген. Ал түшүнүк б-ча дүйнөнүн чеги бар. Николай Кузанскийдин көз карашында Космостун борбору – бул Кудай‚ андыктан дүйнөнү чексиз‚ баш-аягы жок деп эсептөөгө болбойт. Ошону м-н бирге эле болмуш&shy;ту чеги бар кубулуш катары да кароого болбойт. Бул идеялары м-н Кузанский астрономиядагы дүйнө түзүлүшүнүн геоборб. системасын төгүнгө
чыгарган Коперниктин рев-ялык ачылышына
жол салган. Жердин ж-а адамзаттын Ааламда&shy;гы өзгөчөлүү орду ж-дөгү түшүнүктөрдүн туура эмес экендиги Коперниктин окуусу м-н далил&shy;денген. Анткени Жерге ж-а Күнгө окшогон ас&shy;ман телолорунун саны эсеп жеткис экендиги ил. ырасталган. Адамдын ой-санаасынан‚ максат&shy;тарынан багыт алуу К. ж. дүйнө таанымынын айырмалуу белгилеринен болгон. Эгерде анти&shy;ка философиясынын борборунда табият – кос&shy;мос проблемасы турса‚ К. ж. заманында алдың&shy;кы планга гражд. турмуш‚ адам баласынын иш&shy;мердиги‚ жарык дүйнөдө өмүр өтөөнүн бакты&shy;сы‚ азап-тозогу сыяктуу маселелер чыккан. Бул мезгилдин филос. ой-жүгүртүүсү антропоцент&shy;ризм багытына туура келген. Борб. фигура мын&shy;да кудай эмес‚ адам деп таанылган: Кудай – бардык заттардын‚ кубулуштардын‚ асман-жер&shy;дин‚ материалдык ж-а руханий дүйнөнүн жара&shy;туучусу‚ ал эми Адам – дүйнөнүн борбору‚ өзөгү. Коом – кудай эркинин туундусу‚ жаратмасы эмес‚ адам ишмердигинин жемиши‚ натыйжа&shy;сы. Адам өз иш-аракетинде эч нерсе м-н чектел-


 
Ад.: <i>Евдокимова Ю. К., Симакова Н. А.</i> Музыка эпохи Возрождения... М., 1982; Культура и об&shy;щественная мысль. Античность, средние века, эпоха Возрождения. М., 1988; <i>Смирнова И. А.</i> Монумен&shy;тальная живопись итальянского Возрождения. М., 1989; <i>Пановский Э.</i> Ренессанс и «ренессансы» в искусстве Запада. М., 1998.  
 
[[File:КАЙРА ЖАРАЛУУ114.png | thumb |
Леонардо да Винчи.
« М ад он на Б е нуа » («Мадонна гүл менен»). Эрмитаж. С.-Петер&shy;бург, 1478.]]
беши керек. К. ж. доору адамдын өзүн&shy;өзү аңдап‚ баамдап билүү жөндөмүнүн жаңы деңгээлге кө&shy;төрүлүшү м-н мү&shy;нөздөлөт. Андык&shy;тан так ошол К. ж. заманы көп кырдуу
белгиге‚ өнөргө‚ чыг-лык кубатка ээ болгон‚ зор
максаттарды алдыга койгон ж-а аларды жүзөгө ашыра билген ойчулдарды‚ ишкерлерди‚ инсан&shy;дарды тарыхый майданга алып чыккан. К. ж. доорунда ад-т‚ иск-во‚ арх-ра‚ философия м-н катар саясий ж-а социалдык ойлор‚ окуулар‚ тарбия‚ билим берүү‚ анатомия ж. б. сыяктуу илим-билимдин толуп жаткан тармактары пай&shy;да болгон ж-а өнүккөн. Айрыкча табият таануу&shy;дагы жетишилген ийгиликтер геогр. улуу ачылыштардын натыйжалары катары жашоо&shy;турмушка кирген. Х. Колумб‚ Васка да Гама‚ П. Кабрал‚ А. Веспуччи‚ Ф. Магеллан сыяктуу саякатчылардын ачылыштары замандын талап&shy;тарынын негизинде жасалган. Натыйжада гео&shy;графия‚ медицина‚ математика‚ ботаника‚ эт&shy;нография‚ зоология‚ геология ж. б. илимдерде жаңы фактылардын‚ маалыматтардын топто&shy;лушуна ж-а өсүшүнө алып келген. К. ж. про&shy;блемасын‚ түшүнүгүн талдоого алганда көңүлдө кармай турган маанилүү бир нерсе бар. Айрым илимпоздор К. ж. түшүнүгүн кеңейтип кароону жактырышат ж-а аны Батыш Европа (Италия ж. б.) м-н чектөөгө каршы пикир айтышат. Мындай көз караштардын жөнү бар‚ анткени
Чыгышты изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айрым Азия өлкөлөрүнүн (мис.‚ 8–12-к-да Кытайда‚ 12–13-к-да Закавказьеде) мад-тында ренессанс&shy;тык белгилердин бар экендиги ырасталат. Мын&shy;дай фактылардан алганда К. ж. доору бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш экендиги талашсыз. Ошентип‚ Европа өлкөлөрүндө (Италия ж. б.) адеп кадам шилтеген К. ж. заманы буржуазия&shy;нын өнүгө баштаган мезгилине туура келип‚ гу&shy;манизм‚ адам эркиндиги сыяктуу түшүнүктөрдү камтыды. Ренессанс кубулушу Байыркы Греция мад-тын жөн гана кайталабастан‚ анын өзгөчө&shy;лүктөрүн‚ элементтерин диалектикалык жаңы бийиктикте‚ жаңы масштабдарда‚ жаңы табыл&shy;галар м-н куралданган абалда өнүктүрдү.
 
 
Ад.: <i>Евдокимова Ю. К., Симакова Н. А.</i> Музыка эпохи Возрождения... М., 1982; Культура и об&shy;щественная мысль. Античность, средние века, эпоха
Возрождения. М., 1988; <i>Смирнова И. А.</i> Монумен&shy;тальная живопись итальянского Возрождения. М., 1989; <i>Пановский Э.</i> Ренессанс и «ренессансы» в искусстве Запада. М., 1998.  
<p align='right'><i type='author'>Т. Аскаров.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Аскаров.</i></p>
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

07:54, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЙРА ЖАРАЛУУ ‚ Р е н е с с а н с (французча Renaissance) – Батыш жана Борбордук Европадагы маданий-идеялык өнүгүү доору (Италияда XIV–XVI кылымдарда‚ континенттин башка өлкөлөрүндө XV–XVI кылымдарда); орто кылым маданиятынан жаңы мезгилге өткөөл этап. Бул мезгил адатта антикалык илим менен искусствонун кайра жаратылышы‚ Байыркы Грекия маданиятынын тарыхый жаңы кырдаалга жараша белгилүү ченемде кайталанышы‚ жаңы сапатта өсүп-өнүгүшү катары кабылданат. Түп­күлүгүндө антифеодалдык мааниси бар Ренес­санс руханий дүйнөсүнүн айырмалуу белгилерин гуманисттик көз караш‚ антиклерикалык маз­мун‚ антикалык маданий мураска кайрылуу сыяктуу белгилер түзөт. Кайра жаралуу алгач Италияда пайда болгон. Ал жерде XII–XIV кылымдарда Ренессанс кабарчылары катары акын Данте‚ сүрөтчү Жотто жана башкалар чыгышкан. Кайра жаралуу ишмерлеринин чыгармачылыгы адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүн­чүлүктөрүнө‚ анын акыл-эсинин чексиздигине ишенүү‚ католиктик схолостиканы жана аскетиз­мди тануу‚ четке кагуу сыяктуу сезимдер менен каныктырылган. Чындыктын жана сулуулуктун гармониясын алып жүрүүчүсү‚ болмуштун эң жогорку башталмасы катары кайрылуу‚ аалам­дын бүтүндүгүн жана мыйзам ченемдүүлүгүн туюу‚ баамдоо өңдүү сапаттар Ренессанс искусствосуна идеялык тереңдикти‚ каармандык масштабды ыйгарып турган. Кайра жаралуу маданияты негизинен шаар маданияты формасында жаралып‚ андагы өндү­рүштүн өөрчүү шартында калыптанган. Ал маданият Ренессанс заманынан мурда эле түптөлө баштаса да‚ кийинки тарыхый этаптарда гана кеңири ачылган айрым социалдык-экономикалык‚ коом­дук-саясий‚ көркөм-философиялык тенденцияларды‚ тү­шүнүктөрдү камтып турган. Бул мезгилде адабият менен искусстводо реализмдин алгачкы элементтери‚ белгилери көрүнө баштаган. Албетте‚ ал кезде реализм болмушту чагылтып берүүнүн түрдүү формалары менен бирге жүргөн. Мисалы‚ адабиятта Раб­ленин (1494–1553) «Гаргантюра жана Пантагрюэль»‚ Cервантестин (1547–1616) «Дон Кихот» романдарында‚ Шекспирдин драмаларында ан­тикалык заманга кызыгуу элдик маданиятка кай­рылуу‚ анын айрым үлгүлөрүн пайдалануу менен айкалыштырылган. Архитектура жана сүрөт искусствосун­да дүйнөлүк маданиятты байыта турган көркөм жаратмалар пайда болгон. Көркөм искусство дүйнө­сүнүн образдуу туундулары‚ чыгармалары жал­пы адамзаттык цивилизациянын өр тартышы­на‚ алга адымдашына түрткү берген. Шаарлар­да коомдук‚ граждандык имараттар‚ салтанаттуу маданий сарайлар‚ музей жайлары салынган. Италияда архитекторлор Брунеллески‚ Палладио‚ Альбер­ти‚ Францияда Делорм‚ Лески өз курулушта­рын шаңдуу‚ гармониялуу формалар‚ каражат­тар менен кооздошкон. Көркөм сүрөт өнөрүндө Лео­нардо да Винчи‚ Рафаэль‚ Микеланжело сыяк­туу чеберлер чындыктын миң кырдуу касиетте­рин толук кандуу чагылдыруу менен мейкиндикти‚ мезгилди‚ көлөмдү‚ өң-түстү түшүрүүнүн ага дейре белгисиз сырларын боёктор жана пластикалык каражаттар аркылуу беришкен.

Микеланже­ло. «Христосту кошуп ыйлоо» (мрамор). Ка­сиеттү ү Пётр собору. Рим, 1498–1501.

Кайра жаралуу доорунда маданият менен катар философия илими жаңы про­блемаларды өздөштүрүүнүн үстүндө иштеди. Ре­нессанс мезгилинде маданияттын жана илимдин кээ бир тармактары өз-өз алдынча эмес‚ биримдик­те жашаган. Мисалы‚ философиянын идеялары философтор эмес сүрөтчүлөр‚ акындар‚ окумуш­туулар тарабынан өнүктүрүлгөн. Айрыкча грек философторунун эмгектери менен таанышуу чечүүчү роль ойногон. Платон‚ Аристотелдин мурасы гуманисттик идеялардын бекемделиши­не чоң түрткү берген. Кайра жаралуу учуру натурфилосо­фиянын (табият философиясы) пайда болушун‚ тамырлап өсүшүн шарттады. Натурфилософия диний көз караштардан алыс тургандыгы менен айырмаланган. Мында адам өз тагдырын өзү чеч­кенге‚ өзүнүн биосоциалдык табиятын чексиз өнүктүрүүгө‚ тереңдетүүгө жөндөмдүү экендиги айрыкча айкындалат. Ал учурда адамдар ки­теп бастырууну‚ компасты‚ ок-дарыны ойлоп чыгарышкан‚ эксперименттик табият таануу ишин‚ домна-металлургиялык процессти өздөш­түрүүгө жетишкен.

Рафаэль. «Афина мектеби» (Байыркы Грекиянын фи­лософтору тартылган фреска. Ватикандагы делла-Се­ньятура Станцасы). Рим, 1509–1511.

Бул өндүрүш менен илимдин эриш-аркак өнүгүшүнө байланышкан. Ушулар­дын бардыгы адам аң-сезиминин чындыкты чагылтуучу жана жаратуучу кубатын арттырган. Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү философу‚ карама-­каршылыктардын биримдиги жөнүндөгү окуунун автору Николай Кузанскийдин (1401–1464) ою боюнча болмуштагы бардык нерселер универсалдуу форма катары каралган дүйнөнүн жаны деген түшүнүккө баш ийип турат. Антикалык жана орто кылымдык космология дүйнөнүн борбору бар деген түшүнүктү изилдеген. Ал түшүнүк боюнча дүйнөнүн чеги бар. Николай Кузанскийдин көз карашында Космостун борбору – бул Кудай‚ андыктан дүйнөнү чексиз‚ баш-аягы жок деп эсептөөгө болбойт. Ошону менен бирге эле болмуш­ту чеги бар кубулуш катары да кароого болбойт. Бул идеялары менен Кузанский астрономиядагы дүйнө түзүлүшүнүн геоборбордук системасын төгүнгө чыгарган Коперниктин революциялык ачылышына жол салган. Жердин жана адамзаттын Ааламда­гы өзгөчөлүү орду жөнүндөгү түшүнүктөрдүн туура эмес экендиги Коперниктин окуусу менен далилденген. Анткени Жерге жана Күнгө окшогон ас­ман телолорунун саны эсеп жеткис экендиги илимий ырасталган. Адамдын ой-санаасынан‚ максат­тарынан багыт алуу Кайра жаралуу дүйнө таанымынын айырмалуу белгилеринен болгон. Эгерде анти­ка философиясынын борборунда табият – кос­мос проблемасы турса‚ Кайра жаралуу заманында алдың­кы планга граждандык турмуш‚ адам баласынын иш­мердиги‚ жарык дүйнөдө өмүр өтөөнүн бакты­сы‚ азап-тозогу сыяктуу маселелер чыккан. Бул мезгилдин философиялык ой-жүгүртүүсү антропоцент­ризм багытына туура келген. Борбордук фигура мын­да кудай эмес‚ адам деп таанылган: Кудай – бардык заттардын‚ кубулуштардын‚ асман-жер­дин‚ материалдык жана руханий дүйнөнүн жара­туучусу‚ ал эми Адам – дүйнөнүн борбору‚ өзөгү. Коом – кудай эркинин туундусу‚ жаратмасы эмес‚ адам ишмердигинин жемиши‚ натыйжа­сы. Адам өз иш-аракетинде эч нерсе менен чектелбеши керек. Кайра жаралуу доору адамдын өзүн­-өзү аңдап‚ баамдап билүү жөндөмүнүн жаңы деңгээлге кө­төрүлүшү менен мү­нөздөлөт.

Леонардо да Винчи. « Мадонна Бенуа » («Мадонна гүл менен»). Эрмитаж. Санкт-Петербург, 1478.

Андык­тан так ошол Кайра жаралуу заманы көп кырдуу белгиге‚ өнөргө‚ чыгармачылык кубатка ээ болгон‚ зор максаттарды алдыга койгон жана аларды жүзөгө ашыра билген ойчулдарды‚ ишкерлерди‚ инсан­дарды тарыхый майданга алып чыккан. Кайра жаралуу доорунда адабият‚ искусство‚ архитектура‚ философия менен катар саясий жана социалдык ойлор‚ окуулар‚ тарбия‚ билим берүү‚ анатомия жана башкалар сыяктуу илим-билимдин толуп жаткан тармактары пай­да болгон жана өнүккөн. Айрыкча табият таануу­дагы жетишилген ийгиликтер географиялык улуу ачылыштардын натыйжалары катары жашоо­-турмушка кирген. Х. Колумб‚ Васка да Гама‚ П.Кабрал‚ А. Веспуччи‚ Ф. Магеллан сыяктуу саякатчылардын ачылыштары замандын талап­тарынын негизинде жасалган. Натыйжада гео­графия‚ медицина‚ математика‚ ботаника‚ эт­нография‚ зоология‚ геология жана башка илимдерде жаңы фактылардын‚ маалыматтардын топто­лушуна жана өсүшүнө алып келген. Кайра жаралуу про­блемасын‚ түшүнүгүн талдоого алганда көңүлдө кармай турган маанилүү бир нерсе бар. Айрым илимпоздор Кайра жаралуу түшүнүгүн кеңейтип кароону жактырышат жана аны Батыш Европа (Италия жана башкалар) менен чектөөгө каршы пикир айтышат. Мындай көз караштардын жөнү бар‚ анткени Чыгышты изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айрым Азия өлкөлөрүнүн (мисалы‚ VIII–XII кылымдарда Кытайда‚ XII–XIII кылымдарда Закавказьеде) маданиятында ренессанс­тык белгилердин бар экендиги ырасталат. Мын­дай фактылардан алганда Кайра жаралуу доору бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш экендиги талашсыз. Ошентип‚ Европа өлкөлөрүндө (Италия жана башкалар) адеп кадам шилтеген Кайра жаралуу заманы буржуазия­нын өнүгө баштаган мезгилине туура келип‚ гу­манизм‚ адам эркиндиги сыяктуу түшүнүктөрдү камтыды. Ренессанс кубулушу Байыркы Греция маданиятын жөн гана кайталабастан‚ анын өзгөчө­лүктөрүн‚ элементтерин диалектикалык жаңы бийиктикте‚ жаңы масштабдарда‚ жаңы табыл­галар менен куралданган абалда өнүктүрдү.


Ад.: Евдокимова Ю. К., Симакова Н. А. Музыка эпохи Возрождения... М., 1982; Культура и об­щественная мысль. Античность, средние века, эпоха Возрождения. М., 1988; Смирнова И. А. Монумен­тальная живопись итальянского Возрождения. М., 1989; Пановский Э. Ренессанс и «ренессансы» в искусстве Запада. М., 1998.

Т. Аскаров.