ГЕРБИЦИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕРБИЦИДДЕР (лат. hеrbа – чөп ж-а саеdо – өлтүрөм) – керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу хим. заттар. Өсүмдүккө тийгизген таасирине карата тандалма ж-а жалпы Г-ге бөлүнөт. Жалпы Г. өсүмдүктүн бардык түрүнө таасир этип, өнөр жай имаратынын тегерегиндеги, аэродромдо, темир ж-а автожолдордун жээгин ар кандай чөптөрдөн тазалоо үчүн колдонулат. Ал эми тандалма Г. көбүнчө отоо чөптөргө каршы чачылат. Г. концент-сына, пайдалануу шартына ж. б. жараша таасир эткендиктен, мындай бөлүү шарттуу болуп эсептелет. Мис., монурон ж-а диурон 1 гага 12 кг дозада гозонун бир жылдык отоо чөптөрүн, ал эми андан чоӊ дозада өсүмдүктү бүт жок кылат. Тандалма Г. өсүмдүктүн айрым гана түрлөрү, жалпы таасирдүү Г. өсүмдүктүн бардык түрүн кууратат. Г-дин тандалма таасири алардын хим. курамына, препараттын өлчөмүнө, чачуу ыкмасына, өсүмдүктүн өсүү фазасына жараша болот. Жалпы ж-а тандалма таасир этүүчү Г. өсүмдүктө жылып жүрүүсүнө жараша тийме ж-а системалуу болуп айырмаланат. Тийме Г. (нитрафен, реглон ж. б.) өсүмдүктүн кайсы жерине (жалбырак, сабак, тамыр) чачылса, ошол бөлүгүн гана, системалуу Г. өсүмдүктүн орган, ткандарында жылып, анын башка бөлүгүн да жабыркатат. Көбү – системалуу Г. (керб, фюзилад, которан, вензар ж. б.). Г-дин 1000ден ашык түрү белгилүү. Алар эритмелер, сууда эрүүчү күкүм, концент. эмульсия түрүндө чыгарылат. Натрий пентахлорфеноляты, ДНОК ж-а нитрафенден башка бардык Г. киши ж-а жаныбарлар үчүн анча уулуу эмес. Г. чачуу өлчөмү айдоодогу отоо чөптөргө, а. ч. өсүмдүгүнүн сортуна, топурак – климаттык шартка ж-а агротех. ыкмаларга жараша такталат. Кырг-нда Г. 20-к-дын 60-жылдарынын башынан колдонулат. Көп жылдык отоо чөптөргө каршы күрөшүүдө (буудайык, камыш, чырмоок, ажырык ж. б.) талаага күзүндө эгин оруп-жыйылгандан кийин 1 га аянтка 10 кг (600–800 л суудагы эритинди) раундап (нитосорг, глифосат ж. б.) чачылат. Андан кийин талаа мех. жол м-н иштетилбөөгө тийиш.
Ад.: Безуглов В. Г. Применение гербицидов в интенсивном земледелии. М., 1981.