ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР</b> (Pinophita же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыр­кы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Бу­ларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүтүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар – жабык уруктуулар (гүлдүү) м-н папоротниктердин ортосундагы абалды ээле­ген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үс­түндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, | <b type='title'>ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР</b> (Pinophita же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыр­кы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Бу­ларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүтүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар – жабык уруктуулар (гүлдүү) м-н папоротниктердин ортосундагы абалды ээле­ген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үс­түндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, жылаңач уруктуулар деп аталган. Папоротниктерден урук-бүчүрү м-н, жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбырак­часынын жоктугу м-н айырмаланат. Байыркы ж-а жөнөкөй түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчак­тары жок, микроспорофиллдери ж-а мегаспоро­филлдери узун өркүнүндө бош жайгашкан. Азыр­кы жакбык уруктуулардын бардыгынын тобурчагы бар, алар бир жыныстуу, б. а. аталык тобурчагы микро­спорофиллден, энелиги мегаспорофиллден турат. Жалбырагы майда, ичке түрпү же канат сымал, анатомиялык түзүлүшү, үтү боюнча да бири-биринен айыр­маланат. Уругу м-н көбөйөт. Азыр алардын 4 классы (саговниктер, гнеттер, гингко сымалдар, ийне жалбырактуулар) белгилүү. Жер жүзүндө 600гө жакын түрү өсөт. Анын көбү – ийне жал­бырактуулар. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозойдо кеңири таралган. Ки­йин геологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштаган. | ||
Ад.: Жизнь растений. Т. 4. М., 1978. | Ад.: Жизнь растений. Т. 4. М., 1978. <i>К. Т. Шалпыков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
<i>К. Т. Шалпыков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
11:06, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР (Pinophita же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыркы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Буларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүтүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар – жабык уруктуулар (гүлдүү) м-н папоротниктердин ортосундагы абалды ээлеген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үстүндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, жылаңач уруктуулар деп аталган. Папоротниктерден урук-бүчүрү м-н, жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбыракчасынын жоктугу м-н айырмаланат. Байыркы ж-а жөнөкөй түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчактары жок, микроспорофиллдери ж-а мегаспорофиллдери узун өркүнүндө бош жайгашкан. Азыркы жакбык уруктуулардын бардыгынын тобурчагы бар, алар бир жыныстуу, б. а. аталык тобурчагы микроспорофиллден, энелиги мегаспорофиллден турат. Жалбырагы майда, ичке түрпү же канат сымал, анатомиялык түзүлүшү, үтү боюнча да бири-биринен айырмаланат. Уругу м-н көбөйөт. Азыр алардын 4 классы (саговниктер, гнеттер, гингко сымалдар, ийне жалбырактуулар) белгилүү. Жер жүзүндө 600гө жакын түрү өсөт. Анын көбү – ийне жалбырактуулар. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозойдо кеңири таралган. Кийин геологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштаган.
Ад.: Жизнь растений. Т. 4. М., 1978. К. Т. Шалпыков.