ЖЕР БУУРЧАК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР БУУРЧАК</b> (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумунун уруусу. | <b type='title'>ЖЕР БУУРЧАК</b> (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумунун уруусу. | ||
[[File:ЖЕР БУУРЧАК2.png | thumb | none]] | [[File:ЖЕР БУУРЧАК2.png | thumb | none]] | ||
Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк | Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк Жер буурчак кеңири таралган. Жер буурчак – белоктуу, жакшы сиңимдүү тоют . Жаздык жер буурчак (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Ев­ропа бөлүгүндө, Си­бирь ж-а Кавказда эгилет. Сабагы ич­ке, бутактуу, түз өсөт, бийиктиги 40– 110 <i>см</i>. Гүлү өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 урук­туу, ромб формасындагы чанак (узундугу 5–7 <i>см</i>). Эгилме жер буурчактын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 <i>ц</i>ге чейин дан, 200–250 <i>ц</i> (аба ырайы жакшы жылы 400 <i>ц</i>ден ашык) жа­шыл масса алынат. Борбордук Азияда отоо чөп ка­тары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы жер буурчак шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы ж. б. жерлерде өсөт, баалуу тоют. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
03:52, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР БУУРЧАК (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу.

Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк Жер буурчак кеңири таралган. Жер буурчак – белоктуу, жакшы сиңимдүү тоют . Жаздык жер буурчак (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Европа бөлүгүндө, Сибирь ж-а Кавказда эгилет. Сабагы ичке, бутактуу, түз өсөт, бийиктиги 40– 110 см. Гүлү өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 уруктуу, ромб формасындагы чанак (узундугу 5–7 см). Эгилме жер буурчактын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 цге чейин дан, 200–250 ц (аба ырайы жакшы жылы 400 цден ашык) жашыл масса алынат. Борбордук Азияда отоо чөп катары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы жер буурчак шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы ж. б. жерлерде өсөт, баалуу тоют.