БУКАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУКАРЫ ''' (кажары) – колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Эриш жиптерин калкытуу жана чөгөрүү ыкмалары менен оймо-чийме түр салынат. Букарыда бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу менен кооздолот. Таардын өзгөчөлүктөрү: арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3–4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар кийинки оймо-чиймени салууга гана өӊ тарабына чыгарылат. Таардын түсү көбүнчө кызыл, көк, сары, кээде ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5–30 ''см'' болот. Букары сызмалар боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Букарыдан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча ж. б. жасалат. Букары Кыргызстандын бардык райондорунда, ошондой эле өзбек, каракалпак жана казактарда бар.
'''БУКАРЫ ''' (кажары) – колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Эриш жиптерин калкытуу жана чөгөрүү ыкмалары менен оймо-чийме түр салынат. Букарыда бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу менен кооздолот. Таардын өзгөчөлүктөрү: арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3–4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар кийинки оймо-чиймени салууга гана өӊ тарабына чыгарылат. Таардын түсү көбүнчө кызыл, көк, сары, кээде ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5–30 ''см'' болот. Букары сызмалар боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Букарыдан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча жана башкалар жасалат. Букары Кыргызстандын бардык райондорунда, ошондой эле өзбек, каракалпак жана казактарда бар.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:57, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

БУКАРЫ (кажары) – колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Эриш жиптерин калкытуу жана чөгөрүү ыкмалары менен оймо-чийме түр салынат. Букарыда бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу менен кооздолот. Таардын өзгөчөлүктөрү: арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3–4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар кийинки оймо-чиймени салууга гана өӊ тарабына чыгарылат. Таардын түсү көбүнчө кызыл, көк, сары, кээде ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5–30 см болот. Букары сызмалар боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Букарыдан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча жана башкалар жасалат. Букары Кыргызстандын бардык райондорунда, ошондой эле өзбек, каракалпак жана казактарда бар.