БЫЖЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЫЖЫ ''' – улуттук тамак. Даамдуу, жегиликтүү жана аш болумдуу азык. Аны жаӊы союлган малдын, көбүнчө койдун боорун чийкилей жыгач кашык менен эзип, майы менен ич этин (бөйрөк, жүрөк | '''БЫЖЫ ''' – улуттук тамак. Даамдуу, жегиликтүү жана аш болумдуу азык. Аны жаӊы союлган малдын, көбүнчө койдун боорун чийкилей жыгач кашык менен эзип, майы менен ич этин (бөйрөк, жүрөк жана башкалар) майдалап туурап, пияз, кээде сарымсак, татымына жараша туз, калемпир же мурч кошуп, ага көптүрүлгөн күрүч жана малдын ич канын аралаштырып, таза жуулган мөөнгө же жоон ичегиге, ошондой эле жумур, тогуз кат же чөйчөк карынга салып, учун чий менен төөнөп, жип менен бууйт. <br/> | ||
[[File:БЫЖЫ65.png | thumb | none]] | [[File:БЫЖЫ65.png | thumb | none]] | ||
Быжыны 2 саатча акырын кайнатат. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерин ийне менен сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал. <br/>''Ш. Керимова.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
05:45, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БЫЖЫ – улуттук тамак. Даамдуу, жегиликтүү жана аш болумдуу азык. Аны жаӊы союлган малдын, көбүнчө койдун боорун чийкилей жыгач кашык менен эзип, майы менен ич этин (бөйрөк, жүрөк жана башкалар) майдалап туурап, пияз, кээде сарымсак, татымына жараша туз, калемпир же мурч кошуп, ага көптүрүлгөн күрүч жана малдын ич канын аралаштырып, таза жуулган мөөнгө же жоон ичегиге, ошондой эле жумур, тогуз кат же чөйчөк карынга салып, учун чий менен төөнөп, жип менен бууйт.

Быжыны 2 саатча акырын кайнатат. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерин ийне менен сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал.
Ш. Керимова.