БӨЙРӨК-БУЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БӨЙРӨК-БУЛАК ''' – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 ''м''. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 ''м''. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр орто кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк-Булак археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген. <br/>''К. Табалдиев.''
'''БӨЙРӨК-БУЛАК ''' – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 ''м''. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 ''м''. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр орто кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул VIII кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк-Булак археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген. <br/>''К. Табалдиев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:25, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

БӨЙРӨК-БУЛАК – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 м. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 м. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр орто кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул VIII кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк-Булак археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген.
К. Табалдиев.