ЖҮГӨРҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮГӨРҮ</b> , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр | <b type='title'>ЖҮГӨРҮ</b> , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азык­түлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бө­лүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сы­мал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Жүгөрү Борбордук ж-а Түштүк Америка­дан таралган. Ев­ропага 15-к-дын аягында алып ке­линген. Россияда 17-к-дан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, ай­рыкча Украина, Молдавия, Кав - каз, Орто Азияда (а. и . К ыргызстанда) | ||
тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азык­түлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а | |||
крахмал-канттуу ж. б. | |||
[[File:ЖҮГӨРҮ111.png | thumb | none]] | [[File:ЖҮГӨРҮ111.png | thumb | none]] | ||
өстүрүлөт. | өстүрүлөт. Жүгөрү – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүл­дүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийикт. 50–80 <i>см</i>ден 5–6 <i>м</i>ге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 <i>см</i> кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийи­лүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайга­шат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учун­да, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салм. 50–1100 <i>г</i>, көбүнчө 100–400 <i>г</i>. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүү­дө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүм­дүктөрдөн кийин айдалып, бир <i>га</i> жүгөрү аянтына 90–180 <i>кг</i> азот, 45–180 <i>кг</i> фосфор, 30– 180 <i>кг</i> калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү не­гизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечте­ри: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, ниг­роспороз, сото нигроспорозу. | ||
40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. | |||
Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечте­ри: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, | |||
жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, ниг­роспороз, сото нигроспорозу. | |||
Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:02, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮГӨРҮ , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Жүгөрү Борбордук ж-а Түштүк Америкадан таралган. Европага 15-к-дын аягында алып келинген. Россияда 17-к-дан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кав - каз, Орто Азияда (а. и . К ыргызстанда)

өстүрүлөт. Жүгөрү – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийикт. 50–80 смден 5–6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салм. 50–1100 г, көбүнчө 100–400 г. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90–180 кг азот, 45–180 кг фосфор, 30– 180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.
Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981.