ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ</b> – Жер бети | <b type='title'>ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ</b> – Жер бети боюнча географиялык уюлдардын жылышы. Ал кыймыл Жердин түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле ме­теорологиялык кубулуштардын (атмосфералык массалардын, океан суусунун, литосферанын серпилгичтик ж-а илээшкектик касиеттеринин таасиринин ж. б.) мезгилдүүлүгүнөн пайда болгон Жердин айлануу огунун абалынын өзгөрүүсүнө байла­ныштуу. Жер уюлдарынын кыймылын Жердин айлануусунун касие­ти катары божомолдоону алгач 1687-жылы И. Нью­тон белгилеген. Бул кубулуштун математикалык теория­сын Л. Эйлер (1790) өнүктүрүп, жүз жылдан кийин жер бетиндеги пункттардын (орундардын) чыныгы өзгөрүшү, Жер уюлдарынын кыймылын үйрөнүү мүмкүндүгү далилденген. Жер уюлдарынын кыймылын билүүнүн астрономия­да, геодезияда мааниси чоң, анткени жер бетин­деги чекиттин координаталары ж-а жердеги нер­селердин азимуттары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Булар астрономиялык ж-а геодезиялык өлчөөлөрдүн натыйжасы­на таасирин тийгизет. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
чыныгы өзгөрүшү, | |||
09:12, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ – Жер бети боюнча географиялык уюлдардын жылышы. Ал кыймыл Жердин түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле метеорологиялык кубулуштардын (атмосфералык массалардын, океан суусунун, литосферанын серпилгичтик ж-а илээшкектик касиеттеринин таасиринин ж. б.) мезгилдүүлүгүнөн пайда болгон Жердин айлануу огунун абалынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Жер уюлдарынын кыймылын Жердин айлануусунун касиети катары божомолдоону алгач 1687-жылы И. Ньютон белгилеген. Бул кубулуштун математикалык теориясын Л. Эйлер (1790) өнүктүрүп, жүз жылдан кийин жер бетиндеги пункттардын (орундардын) чыныгы өзгөрүшү, Жер уюлдарынын кыймылын үйрөнүү мүмкүндүгү далилденген. Жер уюлдарынын кыймылын билүүнүн астрономияда, геодезияда мааниси чоң, анткени жер бетиндеги чекиттин координаталары ж-а жердеги нерселердин азимуттары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Булар астрономиялык ж-а геодезиялык өлчөөлөрдүн натыйжасына таасирин тийгизет.