ЖҮЛҮН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮЛҮН</b> (medulla spinalis) – | <b type='title'>ЖҮЛҮН</b> (medulla spinalis) – борбордук нерв система­сынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 <i>см</i>ге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн омурт­ка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жай­гашкан. Жүлүн сыртынан мээ кабыгы м-н каптал­ган. Жүлүндүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I–II бел омурткасынын ту­шунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипче­лерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омуртка­сынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн ж-а бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол ж-а бутту нервдештирүүчү Жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан Жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клет­калары ж-а нерв талчалары көп болот. Жүлүндүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн ж-а аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул ней­рондор сезүү ж-а кыймылдатуу ишин аткарат, ошондой эле ички органдар м-н тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат ж-а ишин жөнгө салат. Ж-дүн боз затынын ортосунан аны узу­нунан бойлоп узун ичке Ж. каналы өтөт. Ал Ж. суюктугу м-н толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич ж-а кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары бор­бордон четтөөчү ж-а борборго умтулуучу им­пульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин жүлүнү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Жүлүн сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп жүлүн нервинин санына барабар. Жүлүн сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чы­чаң сегменттеринен турат. Жүлүндүн ар бир сегмен­ти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдеш­тирет. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
10:11, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮЛҮН (medulla spinalis) – борбордук нерв системасынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн омуртка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Жүлүн сыртынан мээ кабыгы м-н капталган. Жүлүндүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I–II бел омурткасынын тушунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн ж-а бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол ж-а бутту нервдештирүүчү Жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан Жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары ж-а нерв талчалары көп болот. Жүлүндүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн ж-а аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул нейрондор сезүү ж-а кыймылдатуу ишин аткарат, ошондой эле ички органдар м-н тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат ж-а ишин жөнгө салат. Ж-дүн боз затынын ортосунан аны узунунан бойлоп узун ичке Ж. каналы өтөт. Ал Ж. суюктугу м-н толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич ж-а кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары борбордон четтөөчү ж-а борборго умтулуучу импульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин жүлүнү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Жүлүн сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп жүлүн нервинин санына барабар. Жүлүн сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чычаң сегменттеринен турат. Жүлүндүн ар бир сегменти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет.